Menu

Бачабаз дарыгердин курмандыгы болгон спортчу кыздар жарым миллиард доллар кенемте алышат

Бөлүшүү:

Бачабаз доктор Ларри Нассардын курмандыгы болгон бир нече америкалык гимнаст кыз компенсация боюнча дарыгердин өзү менен жана Мичиган штатынын университети менен келишим түздү.

Ага ылайык, дарыгерди ишке алган университет кыздарга жалпысынан 500 миллион доллар төлөп берет. Ларри Нассарды сотко берген аялдар (332 аял) 425 миллион долларды бөлүп алышат, ал эми 75 миллион доллар Нассардан сексуалдык ыдык көргөн башка курмандыктарга берүү үчүн атайын фондго которулат.

Акыркы он жылдан бери америкалык спортто бул дарыгерге байланышкан иш эң ири жаңжал болуп калды. Нассар жалпысынан 175 жылга түрмөгө кесилди. Ал зордуктоо, жашы жете электерге сексуалдык жактан асылуу, балдар порносун сактоо боюнча күнөөлүү деп табылган.

Сот жараяны учурунда жүздөн ашуун аял 54 жаштагы дарыгерди айыпташкан, алардын арасында олимпиадалык чемпиондор Александра (Эли) Райсман менен Жорди Вибер дагы бар. 144 аял Нассарга каршы көрсөтмө берген.

Бул чуулгандуу иштен улам Кошмо Штаттардын Спорттук гимнастика боюнча федерациясынын жетекчилиги биринен сала бири кызматтан кетишкен. Күбөлөр федерация өкүлдөрү гимнаст кыздардан түшкөн арыздарга көңүл бурбай, дарыгердин кылыктарын жаап-жашырганын айтышкан.

Нассар учурунда Кошмо Штаттарда абдан белгилүү дарыгер болгон. Ал Спорттук гимнастика федерациясы менен 1986-жылдан тарта кызматташкан.

1996-жылы мекеменин башкы дарыгери болуп дайындалган. 1996, 2000, 2008 жана 2012-жылдары өткөн Олимп оюндарында АКШнын гимнастика боюнча курамасындагы спортчулардын саламаттыгына кам көргөн.

1997-жылдан тарта Мичиган штатынын университетинде сабак берип, анын алдындагы ооруканада да эмгектенип жүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: