Menu

Шавкат Мирзиёев Вашингтондогу искусство галереясына барды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Вашингтондогу Артур Саклердин галереясында ачылган өзбек жибеги жана адрасынын көргөзмөсү менен таанышты. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Галерея чыгыш искусствосунун сүйүүчүсү Артур Саклер тарабынан түзүлгөн. Анда Чыгыш өлкөлөрүнүн, анын ичинде Борбор Азия элдеринин кол өнөрчүлөрүнүн колунан жаралган чыгармалардын үлгүлөрү коюлган.

Экспозицияга Гарвард университетинин окумуштуусу Гвидо Голдман тарабынан топтолгон жибек жана адрастан жасалган байыркы кийимдер коллекциясы, ошондой эле америкалык дизайнер Оскар де ла Ренттин костюмдары коюлган.

Шавкат Мирзиёев галереянын Борбор Азия бөлүмүндө сакталган кол жазмаларды көрүп чыгып, анда коюган өзбек кол өнөрчүлүгүнөн жаралган буюмдардын тарыхына кызыкты.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: