Menu

Парламент экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу сунушту колдоду

Бөлүшүү:

Парламенттин Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоо маселесине байланыштуу токтомуна экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу сунуш да кирди.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин “Экс- президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” сунушун токтомго кошууга 87 депутат макул деп, 14ү каршы добуш беришти.

Жогорку Кеңеш үч күндөн бери Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап, токтом кабыл алды.

Масалиев “”Кыргызстандын экс-президенти” деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек” деген пикирин буга чейин эки жолу билдирген.

10-майда парламентте сүйлөп жатып ал ЖЭБди модернизациялоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып, андан кол тийбестик макамын алууну сунуш кылган болчу.

Жыйында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түз тапшырма бербегенин айткан.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Окуяны териштирүү үчүн парламентте убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, ал 30га жакын аткаминердин аты жазылган корутунду жарыялаган.

“Аварияга жана жемкорлукка айыптуу” деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда.

 Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: