Menu

Сот реформасы боюнча Кеңештин жыйынын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынды, тийиштүү Жарлыкка кол коюлат

Бөлүшүү:

Бишкекте  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү. Бул кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында түзүлгөн.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге ылайык кийинки жумада сот реформасы боюнча ишти тездетүү максатында Жарлыкка кол коюлат.

Жыйында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тааныштырган соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруу боюнча иштин алкагындагы өлкө Өкмөтүнүн чаралары талкууланды.

Ал азыркы кезде жазык-укуктук жана жарандык багыттарда иш жүргүзүлүп, ага ылайык соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүү үчүн мыйзам долбоорлору жана Өкмөттүн чечимдери даярдалганын айтып берди.

“Алты мыйзам долбоору жана Өкмөттүн отуздай чечими иштелүүдө. Алардын бир бөлүгү кабыл алынды, үчөө парламентке жиберилди, башклары боюнча активдүү иш жүрүүдө. Анын алкагында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, бузуулардын бирдиктүү реестрин киргизүү жана карыз адамдардын базасын түзүү каралган”, – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Бул механизмдерди киргизүү жарандарга тергөө процессин, соттогу талдоолорду жана чечимдерди кабыл алууну көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ачык-айкындуулукту камсыз кылып, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат.

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик максаттуу программаны жыйындын катышуучуларынын талкуусуна алып чыкты.

Айнаш Токбаева бул долбоорго сот реформасы боюнча Кеңештердин отурумунда айтылган сунуштар жана сын-пикирлер киргизилерин белгиледи.

“2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик максаттуу программасында сот системасына болгон ишенимди, анын ачыктыгын жогорулатуу жана сот системасынын инфраструктурасын чыңдоо боюнча маанилүү максаттар камтылган. Биз мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен бирге бул программаны ишке ашырууга даярбыз”, – деп белгиледи Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: