Menu

Талант Мамытов, депутат: Кызматка барган жетекчилер моюндарына кандай жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезбей жатышат

Бөлүшүү:

– Талант мырза, парламенттеги бүгүнкү талкуу боюнча оюңуз кандай?

– ТЭЦ боюнча жакшы иш болбоду. Акча уурдалып, желип, жалпы жоопкерчилик, анын кайтарымы жалпы элдин мойнуна түшүп отурат. Депутаттык комиссия иликтеп чыгып, фактыларды айткан күндө дагы алар мойнуна албастан, базардан кандайдыр бир буюмдарды апкеле коюп, жоопкерчиликтен качуу аракети айкын көрүнүүдө. Бул туура эмес. Ошон үчүн биздин коллегалар «анда тереңирээк далилдебесек болбойт окшойт» деп, ошол буюмдарды эксперимент катары базардан алып келип, биздин салыкты, кошумча төлөмдөрдү кошуп эсептегенде 2500 сом болду. Эгер НДС, мампошлина сыяктуу төлөмдөрүн алып салганда 2000 сомго туура келет. Булар 2 миң сомдук буюмду 21 миң сомго, башкача айтканда, он эседен ашык көбөйтүп жатышат. Ошону көзгө сайып айтсак дагы моюнга албай жатышпайбы. Ким күнөөлүү бол-со, укук коргоо органдары алган, жеген фактыларын тергөө жолу менен аныктап, кайтарымын камсыз кылышы керек. Алар жеген ак-чаны эч качан мамлекет өз мойнуна алып, кайтарбашы керек.

– Бирок, алардын жообуна караганда, дале моюндарына ала турган түрлөрү жок го?

– Бүгүнкү күндө бир топ киши камакка алынды. Дагы кимдердин күнөөсү бар экенин тергөө аныктайт. Менимче, бул парламент, жалпы эл үчүн принципиалдуу маселе. Ошондуктан, мыйзамдуу чечим чыгат деген ойдомун.

– Камакка алынгандар негизинен техникалык кызматкер-лер. Ал эми саясый чечимдерди кабыл алгандарчы?

– Бизде эң чоң трагедия эмне? Кызматка барган жетекчилер өз милдетин билбей, моюндарына кандай жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезбей жатышпайбы. Бүгүнкү күнү «мен билбейм, ага тиги жооп берет, бул жооп берет» деп отурушат. Жалпы жоопкерчилик өкмөт башчысынын мойнунда. Тилекке каршы, аны сезишпей, кайра өзүбүзгө чабуул жасашып, «саясый өлүктөр» деп бизди «крайний» кыла башташты. Ошон үчүн мен бүгүн баса белгилебедимби, кызматка жоопкерчиликти мойнуна алган адам барышы керек.

Керим Мурас

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: