Menu

Казакстанда тартип сакчы коррупция айыбы менен камалды

Бөлүшүү:

Актөбө шаардык соту 17-майда облустук ички иштер департаментинин башчысынын орун басары Алтай Аңшыбаевди эки айга камакка алууга санкция берди. Тергөө органдары аны мамлекеттик сатып алуулар учурунда коррупциялык мыйзам бузууларга барган деп айыптоодо.

Сот Алима Адилованын айтымында, Алтай Аңгыбаевге тергөө үч эпизод боюнча айып тагууда. Алардын биринде 2016-жылы июнда Актөбө облустук ички иштер департаментинен Илек райондук полиция бөлүмүнүн имаратын оңдоого 18 миллион теңге (55 миң доллар) бөлүнгөнү айтылат. Бир айдан кийин ушул бөлүмдүн автоунаа устаканасын ремонттоого 23 миллион 215 миң теңге бөлүнгөн. Заречный полиция бөлүмүнүн имаратын оңдоого 2017-жылы июлда 7 миллион теңгеден ашуун каражат жумшалган.

Тергөө маалымдагандай, бул акчалар негизсиз жумшалган. Мамлекетик сатып алуулар үчүн жооптуу чиновник айыптоолорду четке кагып, тергөө учурунда үй камагына чыгарууну сурады. Бирок сот Аңшыбаев эркиндикте болсо тергөөгө кысым көрсөтүшү ыктымал деген жүйөө менен өтүнүчүн канааттандырган жок.

Актөбө облустук ички иштер департаменти мыйзам бузууларды ички коопсуздук башкармалыгы аныктаганын, андан соң коррупцияга каршы кызматка кайрылышканын маалымдады. Полиция бул иште Аңшыбаев азырынча жалгыз шектүү экенин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: