17-майда Донбасстагы согуш талаасындагы атышууда жети украиналык аскер жаракат алды. Бул тууралуу Бириккен күчтөр операция штабы кабарлайт. Аскерлердин маалыматы боюнча орусиячыл жикчилдер ок атышпоо режимин 60тан кем эмес жолу бузган, артиллерия жана миномет колдонулган.
Штаб жикчилдер Луганск облусунун Попаснянск районунун Троицкое айлын дагы атылашканын, бери дегенде эле эки карапайым киши өлгөнүн кошумчалады.
Жикчилдер өз кезегинде ок атышпоо режимин украиналык аскерлер бузганын билдиришүүдө. Алардын айтымында, украин аскерлери Донецк фильтирлөө станциясына жакын жерде ок атышкан, натыйжада ишкана жумушун токтотууга аргасыз болгон.
Бүгүн эле Донбасста жикчилдердин “Пятнашка” батальонунун талаа командири Олег Мамиев өлтүрүлгөнү маалым болду. Ал Авдеевканын алдында жарадар болуп, ооруканада операция учурунда жан берген. Бул маалыматты “Донецк элдик республика” жикчилдеринин катарында согушкан орусиялык жазуучу Захар Прилепин дагы тастыктады.
Донбасста куралдуу жаңжал 2014-жылы – Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. Украина менен Батыш Москваны жикчилдерди колдоодо деп айыптоодо. Кремль дооматтардын баарын четке кагып келет. БУУнун маалыматы боюнча уруш башталгандан бери 10 миңден ашуун киши өлдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ