Menu

15-майда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты

Бөлүшүү:

Чогулгандар менен Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинат курууга лицензиясы бар кытайлык “Jhong ji Mining company” компаниясынын өкүлдөрү жолугушту. Жыйындын соңунда жергиликтүүлөр комбинаттын зыяндуулугун иликтеп чыгыш үчүн комиссия түзүштү. “Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулмак. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда. Чогулгандар “Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинаты курулбасын” деген талап коюшту. Алар эгер комбинат салына турган болсо андан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, аны мал менен кошо ошол жердеги малчылар кошо ичип, ден соолукка олуттуу зыян тийгизээрин айтышты. Мындан сырткары комбинаттан чыккан калдыктарды сактоочу жай да адам өмүрүнө кооптуу болууда. Чогулгандарга “Jhong ji Mining” компаниясы Эмгекчил айылына социалдык пакет катары 13 млн сом берилээри айтылды. Мындан сырткары айылдагы суу каналдын курулушуна буга чейин беш млн сом которулган экен. Бирок мындай жардамга эмгекчилдиктер макул болушкан жок. Кытайлыктар алтын каза турган 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Ишкана жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган. Маселе азыр элдин макулдук берер-бербесине келип такалууда.

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: