Menu

Икрам Илмияновду Нью-Йорктон издейбизби?

Бөлүшүү:

Шайлоо алдында «президент болчу Сокеңер 8 ай эле отурат» деп опурулган Икрам Илмиянов сыртка качып кетти деген жаңылык тарады. Аны КСДП төгүндөп, Атамбаевдин баш вазири умрага кеткен деп жарыялады. Ооба, Сауд Арабиядагы элчи Абдилатиф Жумабаев Икрамдын жакын тууганы болорун эске алышыбыз керек. Ал жакта Шадиевдин дагы изи чыга турган болсо таң калбайбыз. Кээ бирөөлөр Икрам Илмиянов Сауд Арабияга ажыларды ташуучу авиакомпания менен ортомчу түшкөнүн, “комиссионный” акчасын топтогону кетти деп да айтышууда. Эми тезирек мекенге кайтса экен Икрам аке. “Мени Сауд падыша үй-бүлөсү коё бербей жатат, коноктоп” деп деле айтса таң калбайбыз го. Чын эле мурун батирде жашаган, орто билими бар (жогорку диплому күмөн санатканын бир нече ирет маалымат каражаттары жазып чыгышкан) жөнөкөй шоопур сауд шейхиндей эле байлык топтогонун кантип танабыз? Акыркы маалыматтар боюнча, Икрамдын эки кичинекей кызы Нью-Йоркто менчик интернат мектепте миллионерлердин балдары менен чогуу окушат экен. Азыр болсо Флоридада эс алып жүрүшөт дейт. Икрам аке Нью-Йорктон үй сатып алганычы. Аны кайсыл акчага сатып алды, иштеп чогулткан айлыгынабы? АКШга барыш үчүн өзүнө да 5 жылга виза ачтырып коюптур. Эгер шоопур мырза сауд шейхи тараптан бул жакка келбей калса, Нью-Йорктон издегиле…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: