Menu

Исхак үкаси Мадеминовду Галдирбай деп эркелетмей болду

Бөлүшүү:

Мурадыл Мадеминов деген Икрам депутат кылган кадамжайлык физрук бар. Ал башынан эле мандат акысын актап, Атамбаевдин эң активдүү кошоматчы депутаты болуп келген. Үч жыл мурун “Кумтөр” боюнча Атамбаевдин позициясын жактайм деп атып Текебаевдин “подхалим” деген сөзүнө арданып, ал менен парламент залында жакалашып да кеткен. Эми бул Атамбаевди мактап-жактаганы эч кимге таасир кылбаганын өзү деле жакшы түшүнөт. Сапар Исаков экөө Атамбаевдин орун басары болгонуна эле батына албай жүрүшөт. Бирок кечээ күнү Жогорку Кеңеште сүйлөп атып, ыраматылык жердеши Абсамат Масалиевти жамандап кеткени баардык депутаттарды нааразы кылды. Исхак Масалиев: «Бир мезгилде ушул үкам, галдирбай деген сөздү талашканда түшүндүрмө берген болчу – «ГАЛДИРБАЙ биздин диалект менен жакшы, эркелете турган сөз, таарынбаш керек». Ошондуктан мындан ары өзүңө ГАЛДИРБАЙ деген наам татыктуу десем жаңылбаймын. Аман болсун жигитибиз!” деп айтса, социалдык тармакта мындан ары физрукту Мурадыл Галдирбаевич Мадеминов деп атап коюу сунушу кенен тарады.

Булак: Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: