Алты айдан бери унчукпаган Асылбек Жээнбеков аягы чыдабай, Жогорку Кеңеште жарылды. Ал Бишкек ЖЭБде болгон авария бийликтин жүзүн ачканын айтты. «Биз буга чейин сөзгө ишенип келгенбиз, эми көзүбүз ачылды, Элмирбек Иманалиев авариядан кийин төрөлөр төрдү булгады деп ырдап чыкты” дегенин уккан эл, ыраазы болду. Экс-спикер Жээнбеков мурунку премьер-министр Ж.Сатыбалдиевге жана С.Исаковго “эркекче жоопкерчиликти моюнга алган жоксуңар” деп уяттады. Асылбектин айтканы Сооронбай агасынын дагы позициясына дал келсе, бул чатакты аягына чейин чыгараары ачык болуп калды. Баракелде!
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ