Menu

Кенжебек Жумабаев: «Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берсең, Атамбаев менен макулдаштык – ​бат эле амнистияга туш кылып, бошотобуз дешти»

Бөлүшүү:

Президент Атамбаевдин карасанатайлыгына жана зомбулугуна толгон Шоопурдун доору бийлик өкүлдөрү тарабынан өз элин эсепсиз талап-тоноонун учурлары менен гана эмес, туура сөздү бетке айткан мекенчил адамдарды ырайымсыздык менен куугунтуктоонун учурлары аркылуу да Кыргызстандын соңку саясий тарыхында калаары талашсыз. Атамбаевдин 6 жыл ичинде Кудайга жакпаган иштерди жасап келгендиги аз көрүнгөнсүп, “ары жок — ​акыретчил” дегендей, жакпаган кишисин эле беттен алып: “силерди Кудай урат”, “силерди Кудайга койдум” деп, өз элин каргагандан чарчабаган акыретчилдигине не дейсиң?.. Же бысмылдага жакшылап тили келсечи…

Баарынан да өзүнүн эсепсиз-кыйырсыз кылмыштарын бетке айткандарды ит талагандай кылып, куугунтукка алганычы… Дача-СУда 39 адамдын ажалына түздөн-түз себепкер болуп, бир ташыганда өлкөгө 250 миллион долларлык контрабанда киргизем деп жанталашкандардын артында Атамбаев турат деп кокодон алып, импичментке сүйрөгөн Өмүрбек Текебаевди, ажонун 3 тонна алтынды уурдагандыгы аз келгенсип, аны контрабандалык жол менен сыртка ташып чыгып кеткенин коомчулукка жарыя кылган Садыр Жапаровду жана башка ондогон мекенчил инсандарды жалаа жаап, саясий куугунтукка алуу менен түрмөгө отургузган атактуу ажо: “мен 3 тонна алтын уурдаган эмесмин, бул калп” деп айтуудан коркуп, өч алуу максатында башка айла-амал издеп таап: “Жапаров тээ 4 жыл мурда Каптагаевди барымтага алган, өлтүрүп сала жаздаган” деген жана башка кылмыш кодексинин оор беренелерин илип, Садыр Жапаровду узак мөөнөткө — ​11,5 жылга эркинен ажыраттыргандыгын коомчулук беш колундай билет.

Ойлонбой отко боюн таштаган УКМКнын киллер-оперлери, киллер-тергөөчүлөрү, киллер-прокурорлор менен киллер-соттор өздөрү каргышка калышаарын, эртеңки жоопкерчиликтен кутула алышпастыгын сезишсе да, өз терилерин сактап калуу үчүн Атамбаевдин зомбулугуна түздөн-түз колдоо көрсөтүп келишти.

Жогорудагы киллердин милдетин аткаруучулар Садыр Жапаровдон Атамбаевдин өчүн алып берүү үчүн күбөлөрдү ырайымсыздык менен кыйнашып, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлашкандыктары жашыруун эмес. Мисалы, 2013-жылдын 7-октябрында УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын караңгы жертөлөсүндө күбө Наристе Калчаевден жалган көрсөтмө алуу үчүн, акырегин, кабыргаларын сындыра сабашкан, башына аба өтпөй турган полиэтилен мешок кийгизип, муунтуп кыйнашкан. Мындай зомбулук тууралуу ошол кездеги өлкөнүн Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев өз убагында зарыл далилдерди чогултуп, Башкы прокуратурага 2 жолу кайрылгандыгына карабастан, эч кандай чара көрүлбөй келгендигин форумдун катышуучуларына айтып берди.

УКМКанын оперлери Наристе Калчаевге: “Садыр Жапаровго карата биз айткандай кылып көрсөтмө берсең гана бошотуласың” деген талапты коюшкан. Наристе Калчаев Атамбаевдин буйругуна макул болбогондугу үчүн 8 жылга эркинен ажыратылып, 4 жыл 1 ай ажонун зынданында отуруп келди. Бул учурда жалгыз багуучусунан ажыраган Наристенин үй-бүлөсү, карыган ата-энеси азап тартты, турмуштан кыйналып, карызга батты. Бул тууралуу ал 14-майда Бишкекте өткөрүлгөн “Демократия жана саясий туткундар” деп аталган укуктук форумда жарыя кылды.

Жогоруда аталган укуктук форумда чогулгандарга өз тагдыры тууралуу маалымат берген Кенжебек Жумабаев төмөнкүлөрдү билдирди.

— Мен журналист катары 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр элдин пайдасына иштетилсин” деген темада митинг болоорун угуп, ал жакка бардым. Өз милдетиме ылайык ал жерде көргөн окуяларымды интернет аркылуу чагылдырдым. Губернатор Каптагаевди барымтага алышкандыктарын да өз көзүм менен көрдүм. Арадан бир ай өткөн соң, мени УКМКга чакырып, сурак кылышты. Караколго журналист катары барганымды айттым. Мени коё беришти. Арадан 3 жыл өткөн соң, кайра чакырышты да, камап коюшту. Мени УКМКнын тергөө башкармалыгында суракка алышкандыгына карабастан, атайылап 1-СИЗОго — ​кылмышкерлердин арасына камашып, улам башка камерага которуп, итке талаткандай кылып, абдан кыйнашты… УКМКнын кызматкерлери келишип: “Садыр Жапаровго мындай-тигиндей деп көрсөтмө бербесең — ​түрмөдө чирийсиң” дешип, ачыктан-ачык коркутуп киришти. Алар: “Садыр Жапаров мага чет өлкөдөн туруп звонок кылып, Каптагаевди кечке чейин барымтада кармап тургула” деп, тапшырма берген деп айтасың” дешти. Анте албайм, далилиңер жок дедим. Алар далил табыш биздин проблема, сен актай протоколго кол коюп берсең эле болду” дешип, көпкө кыйнашты, менин акчанын тартыштыгынан карызга жашап, кышында көмүрсүз калган үй-бүлөмдү — ​жаш балдарымды бетке кармашты. Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берсең, Атамбаев менен макулдаштык — ​бат эле амнистияга туш кылып, бошотобуз дешти. 1 жыл 2 ай абакта отургандан кийин такыр аргам түгөнгөндө Садыр Жапаровго жалаа жапкан көрсөтмөнү жазып берүүгө мажбур болдум. УКМКдагылар айтканында турушуп, 1 айдан соң мени түрмөдөн бошотушту. Азыр мени кайра сотко чакырышса, жалаа жабууга мажбур болгондугум үчүн коомчулук алдында Садыр Жапаровдон кечирим сурап, чындыкты айтып, туура көрсөтмө берүүгө даярмын.

Алгачкы жолу мени камагандыктарына өзүм туулуп-өскөн Токтогул районундагы Узун-Акмат алтын кенин ачтырбоо үчүн каршылык акциясын уюштуруу аракетим себеп болду. Эгер аталган алтын кенин кытайлыктар иштете баштаса, дайра бойлото жайгашкан 10 айылдын эли цианид ичип калбасын деген кооптуу ойдо болгонбуз. Мени алтын кенин ачууга тоскоолдук кылбасын деп камашкан…

Караколдогу нараазылык акциясы боюнча болсо 10 чакты жигитти кармашып, алардан Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн аларды да катуу кыйнашкандыктарын жакшы билемин.

Редакциядан: Учурда 1-түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаров актануу үчүн Жогорку Сотко даттануу арызын берди. Соттук кароо 29-майга саат 10го коюлган. Бул күнү сотко Мекенчил партиясынын миңдеген мүчөлөрү, жарандык активисттер, укук коргоочулар, ММК өкүлдөрү, белгилүү адвокат Шарабидин Токтосунов баш болгон актоочулар бригадасы катышмакчы. Ошондой эле, эң башкысы — ​мындан бир жылча мурда ур-токмок менен коркутуунун, кыйноо менен алдоонун натыйжасында Садыр Жапаровго каршы жалган айтууга мажбур болгондор келип, Жогорку Сотто туура, калыс көрсөтмө беришмекчи.

Булак: Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: