Menu

Демократия менен саясий куугунтук дал келбейт

Бөлүшүү:

Ушул жуманын башында Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана саясатчылар катышкан “Демократия жана саясий туткундар келишкис түшүнүк” деп аталган тегерек стол өткөрүлүп, анда эски бийликтин тушунда соттолгон саясатчыларды бошотуунун саясий жана укуктук жолдорун иштеп чыгуу жана президентке сунуш кылуу маселеси талкууга алынды.

3 сааттан ашуун убакытка созулган граждандык форумдун жүрүшүндө чыгып сүйлөгөндөр мурдакы бийликтин тушунда көптөгөн адамдардын саясий жактан куугунтукка алынып, мыйзамсыз эркинен ажыратылгандыгын, ошондуктан алардын тепселген укуктарын калыбына келтирүү зарылдыгын белгилешти. Чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүндө Садыр Жапаровдун, Дастан Сарыгуловдун, Тойгон Калматовдун, Өмүрбек Текебаевдин, Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана башка ондогон саясий өңүттөн куугунтукка алынып, узак мөөнөткө кесилгендердин аттары аталды.

— Кайсыл гана өлкөдө болбосун, саясий максатта камалгандардын түрмөдө жатышы ошол мамлекеттин эл аралык аброюна дайыма шек келтирет, — ​деди форумду алып баруучу, мурдакы Акыйкатчы Бакыт Аманбаев. — ​Ошондуктан, биз, ушул форумдун катышуучулары, бүгүнкү бийликти саясий жактан куугунтукка алынып, камалгандарды ырааттуулук менен түрмөдөн бошотууга чакырабыз.

Жарыш сөзгө чыккандардын бири, мурдакы Жогорку соттун төрагасы жана экс-депутат Курманбек Осмонов бул багытта төмөнкүлөрдү айтты:

— Укук жаатында “саясий кылмышкер” деген түшүнүк жок. Ошондуктан, ырайым кылуу же мунапыс жарыялоо аркылуу саясий буюртма менен эркинен ажыратылгандарды актоого болбойт… Мындайларга карата мунапысты колдонууну талап кылуунун өзү мыйзамсыз нерсе. Жаңыдан ачылган жагдайлар болсо гана ал боюнча сот ишти кайра кароого жиберилиши мүмкүн. Саясий куугунтуктун жана баштан аяк мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн процесстердин негизинде соттолгондордун ишинде жаңы ачылган жагдайлар табылбай койбойт.

Жарыш сөзгө чыккандардын бири, мурдакы коргоо министри, экс-депутат, бир кездеги саясий туткун Исмаил Исаков Атамбаев доорунда президенттин мыйзамсыз көрсөтмөсүнүн айланасына биригип алып, фактыларды бурмалап, жалааларды уюштурууга катышкан Башкы прокуратуранын, УКМКанын соттун жана башка күч катмарларынын жол койгон укуктук зомбулуктарын талдоого алып, кайра карап чыгуу зарылчылыгын баса белгиледи.

— Конституцияда: “Президент ырайым берүү укугуна ээ” деп көрсөтүлгөнү менен, саясий буюртманын негизинде камалгандарды ырайым берүү аркылуу бошотууга саясий туткундардын өзү да макул болушпайт, — ​деди генерал-лейтенант. Экс-депутат, убагында улуттук коопсуздук министри, Бишкек шаарынын мэри жана Премьер-министр кызматтарында иштеп келген Феликс Кулов. — ​Саясий туткундаран сага ырайым кылсакпы, жокпу деп сурап отуруу зарыл эмес. Убагында Топчубек Тургуналиевден сурап отурбастан эле президент ага ырайым жарыялаган эмес беле? Сооронбай Жээнбеков ушундай кадамдарга бара турган болсо — ​бул саясий чечим гана эмес, эң туура кадам да болуп эсептелет. Антпесе, бул жаатта тийиштүү укуктук механизм иштелип чыкмайынча камалгандар, алардын жакындары азап тартып отура бериши туура болбойт…

Форумда чыгып сүйлөгөн белгилүү адвокат Шарабидин Токтосунов чогулгандардын көңүлүн саясий жалаанын негизинде 11,5 жылга соттолгон Садыр Жапаровдун тагдырына бурду.

— Башка саясий туткундар сыяктуу эле Садыр Жапаров да Атамбаев деген ажыдаардын куйругун басып алып, анын айгактоосуна кирген тергөөчүлөр менен соттор жасалма айыптоолорду тагышып, узак мөөнөткө эркинен ажыратышты. Ага каршы көрсөтмө алуу үчүн УКМКанын тергөөчүлөрү Жумабаев, Куланбаев, Калчаев сыяктуу жана башка күбөлөрдү ырайымсыздык менен сабашып, коркутушуп, алдашып, жалган көрсөтмөлөргө кол коюуга мажбурлашкан. Ушул учурда аты аталган жарандар күч колдонуу менен алынган жасалма көрсөтмөлөрүнөн танышып, болгонун болгондой кылып, туура көрсөтмө берүүгө даяр, — ​деди адвокат Ш. Токтосунов.

Аталган форумда чыгып сүйлөгөндөр Атамбаев доорунда саясий куугунтуктун негизинде соттолгондорду актоо үчүн саясий жана укуктук сунуштарды иштеп чыгуунун жолдорун табуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле сотторго кимге кандай өкүм чыгаруу тууралуу буйрук берип, кысым көрсөтүп келген президенттик аппараттын бөлүм башчысы Арабаевди тез арада, токтоосуз кызматтан кетирүү, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу кескин сунуштар айтылды.

Жарандык форумдун аягында анын катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кабыл алышып, саясий жактан камалгандарды актоо боюнча соттук адилеттүүлүктү камсыз кылууга чакырышты.

РЕДАКЦИЯДАН: Элдин зары жөн койбойт дегендей, форумдун катышуучулары тарабынан соттук-прокурордук зомбулуктун булагы катары катуу сынга алынган президенттин сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мүдүрү Манас Арабаев форумдун эртеси, 15-май күнү “саясий жетекчиликтин ишеничин жоготкондугу үчүн” президент Сооронбай Жээнбековдун атайын буйругу менен ээлеген кызматынан алынды. Буюрса, сотторго карата буюртма зомбулуктар кескин азаят деген үмүт бар.

Номанжан Аркабаев

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: