Menu

Дүйшөн Керимов: «Кыргыз саясатынын ашмалтай “карусели” кайра эле кайталанабы же…»

Бөлүшүү:

— Дүйшөн агай, азыр ар бир аң-сезимдүү кыргызстандыкты түйшөлтүп турган ТЭЦ чыры сиздин оюңузча кандай аяктайт?

— Ооба, бүгүн каякты караба жаш-кары дебей экранга эле тигилген жан. Бу интернетиң түшкүр прогресспи же азгырыкпы, жалаң китеп окуп, калем менен алектенген мага али табышмак. ТЭЦ жаңжалы да ошол экрандагы баш-аягы жок сериялдарга, оюн-зоокторго, калжыңбаш шоу сыяктууларга окшой турган болуп калдыбы деп чочулайсың. Азыр парламент сессиясын түз көрсөтүп жатат го. Карасаң депкомиссиянын тизмесине илинген жоопкерлердин арасынан бирөө-жарымы да өзүн күнөөлүү сезгендей кебетеси али байкалбайт. Баягы эле Акаев доорунан берки бир-бирине футбол тепмей өнөр. Ал тургай реконструкцияланган ишти кабыл алуу актысын ким жүргүзгөнүн аныктай албай атышат. Эми албетте, мындайды элибиз “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп, илгери эле так-таамай айтып койгон эмеспи.

— Демек, укук коргоо органдары да эч бирөөнүн мойнуна коё албайт дейсизби?

— Укук коргоо органдары дейсиң, эмне алар асмандан парашют менен түшөбү? Алар деле баягы өзүбүздүкүлөр, 27 жылдан берки башаламандыкка, жогор жактын буйругун кынтыксыз аткарууга же мыйзамды “буйлалаган төөдөй” каалаган жакка жетелегенге көнгөндөр. Мына, далай эле чиновниктер жеди-ичти деген айыптар менен камалганын угуп-көрүп жүрөбүз. Анан сот акелердин койгон статья терминдери да бир башкача. Маселен, “Баш коргоо чарасы”, “Үй камагы” ж. б.. Эй, байлардын хансарайдай болгон үйлөрүндө камалып жатканы да анча жаман эмес го дейм, же кечээги Шадиевге окшоп, “Ден-соолугуна байланыштуу” сыртка жайбаракат чыгып кете беришет. Бирок да, өткөндөгү интервьюда айтканыбыздай, “Калп, каракчы, уурулуктан кыргыз мамлекеттүүлүгү кыйын кезеңге келди…”, демек, чыкыйында мекен, эл, жер, укум-тукум деген түйшөлүү сезими бар ар бир кыргыз жараны, мейли ал президент, сот, соодагер, дыйкан, мугалим, медик, бекерпозу болобу, пенделик абийири ойгоноор, намыстанаар, кайраттанаар деген үмүт өчүп-жанат, эй!

— Деги байке талаш-тартыштан, чырдан башыбыз арылбайт окшойт. ТЭЦтен башка да кечээ эле Атамбаев баш болуп командасы менен мактанып аткан “Датка-Кемин” энергетика тармагы, Түндүк-түштүк альтернатива жолунан да миллиондогон акчалар “сыйкырланганы” жөнүндө парламентте айтыла баштады.

— Ээ, кайдагыларды козгоп көңүлдү оорутасың да, карындашым. Жол демекчи, жакында Түштүк тарапка барып ушунчалык чарчап-чаалыгып, санаага бастырылып келдим. 10–15 жыл мурда бүткөн жолдордун тарпы чыга баштаптыр. Мен билгенден ошол мезгилдеги жолго тиешелүү министрлерден Жантөрө Сатыбалдиев парламенттин маңдайында депутат Алтынбек инибиз айткандай, аркы-беркиден акыл айтып отурат. Ал эми Кубанычбек Жумалиев дегени кечээги күздө эле альтернативалуу жолго же туннелге дедиби, айтор, Атамбаевдин атын ыроолой коёлу дегендей демилгени көтөрүп чуркап жүргөнүн билебиз. Түндүк-түштүктү бириктирген күрөө тамырдай болгон жалгыз жол деле будамайланып толук бүтпөптүр да. Айрыкча Майлы-Суудан Жалал-Абадга чейинки аралыктагы, мен мындан 40 жыл илгери талааларында пахта терип жүргөн андагы Ленин, азыркы Ноокен, Базар-Коргон райондорунун аймагын тепчип өткөн кан жол ошол боюнча оңдолбой, кан ыйлап жатат. Кайран кыргыздын мойнуна илинген жүз миллиондогон долларлар… Аттиң, айла кеткенде кайран гений Пушкин да: “Түн караңгы ажылдап иттер үрөт, “Карма, ууруну, карма!” деп ууру жүрөт…” деген ырын дал ушул бизге жазган окшобойбу дейсиң.

— Духту өчүрөсүз да…

— Билесиңби, дух, рух, нарк-намыс дегендер акыйкат, калыс сөздөн, туура сындан эч качан өчпөйт. Ал тескерисинче кайра жаралууга, тазаланууга, бир келген асыл өмүрдү алпештеп жашоого багыттайт, жакшылыкка үндөп чыйралтат. Сен айткан дух дал ошол көңдөй барабандай төш кагып мактана баштаганда өлөт же өлөөрүнө көздөйт… Белгилүүлөрдүн чынтийбестиги, текеберлиги, кекчилдиги эч качан жакшылыкка алып барбайт жана барып келип эле караламан элге залал, зыян экендиги менен да коркунучтуу.

— Чын эле кечээги Акаев, Бакиев тагдырын көрүп-билгендер деле кайра ошол жолду басканы таңкалтырбай койбойт экен…

— Туптуура айтасың, басмак турсун Акаев, Бакиев заманын кадимкидей идеализациялап мактагандар пайда болууда. Жакында “Марал” аттуу радио каналдын түз байланышын угуп атсам, акаевдик Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, ИИМ министри Кеңешбек Дүйшөбаев экөөлөп Атамбаев бийлигин өкүртө сындап, азыркыларга акыл-насаатын тартынбай, кысылып-кымырынбай эле айтып атса, аргасыз жакаңды кармайт экенсиң…

— Деги азыркы бийликке ишенип, жакшылык күтүүгө болобу?

— Өткөндө айттым эле, “Менин Президентим Сооронбай Жээнбековго, менин өкмөт башчым Мукамбеткалый Абулгазиевге ишенем жана ишенбеске аргам да жок!” Анткени Кыргызстан мамлекетин кепилдикке коюп, үстөккө-босток ала берген кытайлык кредиттин коогасынан өткөн бүгүнкү кыргыз үчүн коркунуч да жок болсо керек. Муну чоң аталарыбызча айтайын, жүрөгү кыргыз деп соккон атанын уулу катары, президентибиз Сооронбай Жээнбеков эң сонун түшүнүп, баарынан да катуу түйшөлүп турса керек. Баса, мен кечээ көрүп келген Өзгөн шаарынын аржак-бержагындагы жол боюна президенттин баннер-сүрөттөрүн бакыйта илип же өкмөт башчы келет экен деп, көчөгө милицияларды какайтып тизгендей жагымпоз, элдин кыжырын келтирген баягы модалуу көнүмүш көшөкөрлүк да токтотпосо болбойт. Кыскасы, башка улутту айталбайм, мен кыргызмын дегендин санаасы бүгүн: “Кыргыз саясатынын ашмалтай “карусели” кайра эле кайталанабы, же эңсеген жаңы жолго чыгабызбы…” дегендей бүдөмүк үмүттүү суроолорго байланып турганы чындык.

— Болуптур, ушул коркунучтуу түштөй болгон айлампадан чыгууга маселен өзүңүз кандай жолду сунуштайт элеңиз?

— Эртең мененки “Азаттыктан” депутат Акылбек Жапаров: “ТЭЦтин али оңдоло элек бөлүгү да аз эмес. Болоору болду, эми кыргыз эли белин бекем бууп, карыздан кутулуунун жолун жалпылап издешибиз керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы, электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатуубуз зарыл… “ж. б.у.с. “баалуу” кеңештерди айтып атат. Оп-поо, Акылбек мырза, 70 пайыз кыргыздын түшүнө кирбей турган хансарайларда жашап, асман тиреген кабат-кабат үйлөрдү, кафе-ресторан, сауналарды салып алып, депутат, министр болуп отургандар же болгон экстер эмес, өз ата журтунун жакыр жашоосунан тентип барып чет жерде кулчулук өмүр өткөрүп аткан миллиондон ашык улан-кыздарынын эсебинен жана каруусун казык кылып турмуш кечирип жаткан караламан эл эпсиз башчыларынын кылган-эткендерин кайра-кайра кечирип, кайра-кайра төлөй бериш керекпи? Жок, андай болбойт го дейм… Алыс барбай эле бир кездеги СССР кучагындагы союздашыбыз Грузиянын андагы президенти Саакашвили биздегидей ахыбалда эмне кылганын эстейличи. Саакашвили боордошу Сталиндей катаал репрессияга барбай туруп, эң сонун натыйжалуу реформаларды өтө кыска убакытта жасай алды: эскиргендерди түп-тамырынан бери жаңыларга алмаштырды, ашыкча сугунгандарды ачык-айкын кустуруп, ал тургай бир кезде Шеварнадзе курдурган ондогон гектарды ээлеп жаткан резиденцияны аукционго коюп, өздөрүнүн байларына бир заматта саттырып жиберди да казынанын капчыгын толуктап салды.

…Ошондуктан, узун сөздүн кыскасы, улуу Манасын айкөл деп атаган айкөл эл өздөрү да сабырдуулук менен жогоруда биз айтып өткөндөй “акылмандарды” батырып, күтүүдөн тажаса да күтүп, дагы эле күтүп турат, жаңы бийликтен үмүт этип турат…

Зулайка Намазбек кызы

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: