Menu

Кыргыз кыздарынын Москвадагы мигранттык татаал турмушун чагылдырган “Айка” фильми Канн кинофестивалынын башкы сыйлыктарынын бирин утуп алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-майда Францияда өтүп жаткан эл аралык Канн кинофестивалында Россиялык кинорежиссер Сергей Дворецкийдин Москвадагы кыргыз эмгек мигрант кыздарынын кыйын турмушун чагылдырган “Айка” толук метраждуу көркөм фильминде башкы ролду ойногон казак артисткасы Самал Еслямова “Эң мыкты актриса” сыйлыгын жеңип алды.

Сергей Дворецкий Казакстанда туулуп-өскөн, бирок азыр Москвада жашап иштеген россиялык белгилүү кинорежиссер. Буга чейин ал бир нече документалдуу фильмдери менен таанымал болуп, 2008-жылы “Тюльпан” аттуу көркөм фильми ушул эле Канн кинофестивалында бир нече сыйлыктарды жеңип алган.

“Айка” фильми тууралу кинорежиссер Сергей Дворецкий “Мен Борбордук Азияда, Казакстанда туулуп-өскөн адам катары азиялык аялдар өз балдарына кандай аяр мамиле кыларын жакшы билем, ошол эле учурда Москвада иштеген 248 мигрант кыргыз кыздын өз балдарынан баш тартып, төрөт үйлөрүнө таштап кетишкенин гезиттен окуп, бул проблеманы иликтей баштадым. Кыргыз кыздарын мындай аларга жат кадамга барууга эмне түртүп жатат? деген көйгөйдү изилдедим. Балдарын таштап кетишкен 3-4 кыргыз кыздар менен таанышып, алардын башынан өткөргөндөрүн фильмдин каармандарына прототип кылып алдым. “Айка” фильми 4 жыл тартылды” деп билдирген.

Сергей Дворецкий Айканын ролун аткаруу үчүн алгач кыргыз актрисаларын издеп, бирок анын көңүлүнө төп келгенин тапкан эмес. Ал эми Самал Еслямованы ал алгачкы “Тюльпан” фильмине да тартып, анын потенциалын жакшы биле тургандыгынан улам Айканын ролун аткарууга чакырган.  Ушул эле фильмдин экинчи катардагы ролдорунун бирин аткарууга кыргыз кызы Чолпонай Бөрүбаева тартылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: