Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн Лондондогу борбор “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары акыркы козголоңчул Ярмук анклавынан жекшембиде эвакуацияланганын кабарлады.
“Рейтер” агенттиги белгилегендей, жоочулардын чыгарылып кетиши Сириянын президенти Башар Асаддын режиминин аталган аймактагы мамлекеттик көзөмөлүн калыбына келтирет.
Сириянын мамлекеттик ММКлары исламчылардын Дамасктын жанындагы Ярмук анклавын таштап кетүүсүнө жол ачкан макулдашуу тууралуу кабарлашкан жок. Ишемби күнү Сириянын аскер кызматкери жоочулар менен кандайдыр бир макулдашуу болгонун төгүндөгөн.
Сириянын өкмөтү Ярмук анклавында өз бийлигин калыбына келтирүү менен Сириянын батышындагы эң акыркы козголоңчу районду жок кылган болот. Ошол эле кезде Түркия, Ирак жана Иордания менен чектеш жерлерде да Асаддын режимине баш ийбеген бир нече аймактар бар.
Лондондогу мониторинг борборунун өкүлдөрү кабарлашкандай, анклавга автобустар түн ортосунда кирип, жоочуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн алып чыгып кеткен. Алар Дамасктын чыгыш тарабындагы Аль-Бадия облусундагы чөлдүү райондорго багыт алышканы кабарланды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ