Menu

Кундуз Шайдиева, журналист: 6 миллионго бааланган Аксыдагы “Марал” долбоору жеке топтун кызыкчылыгыбы?

Бөлүшүү:

Нарын облусундагы “Марал” питомнигинен Аксы районундагы Сары-Челек коругуна 10 чакты марал, 2 бугу көчүрүп барып, көбөйтүү планы 10 жылдан бери мамлекеттик мекемелерде талкууланып, ишке ашпай келген.  Эми айрым жарандар ошол долбоорду Сары-Челек коругунан ага коңшу жайгашкан Авлетим токой чарбасына буруп, долбоор жазып, америкалык киноактер Ди Каприонун фондунан 90 миң доллар акча алып, ишке ашыра баштагына нааразы болгон топтордун пикирин чагылдырган журналист Кундуз Шайдиеванын иликтөөсүн жарыялайбыз.

Аксы районунундагы  Авлетим  айыл өкмөтүнүн  Чон-Таш айылындагы Алаӊ аскасынын жайытына «ОО Жамаат Алаӊ Тоо» маралдарды жайгаштыруу үчүн түзүлгөн 6 миллион 300 мин сомду камтыган долбоорду өзүбүз иликтеп чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

Жалпы элдин байлыгы Алаӊ аскасынына бир ууч адамдардан тобу түзүлүп, жалпы элге толук маалымат бербей, ошол аскага жакын жашаган объективдүү долбоорго тиешеси жок адамдардын макулдугусуз, ошол долбоорду ишке ашыруунун кандай зарылчылыгы бар?

Учурда Аксыга Нарындан 10 баш марал алып келинет деп массалык маалымат каражаттарына  тынымсыз маалыматтар жарык  көрүп жатат. Маралдарды Аксы жерине кайтарып көбөйтүүнү максат кылдык деп билдирүү таратып жаткан Гамал Сооронкулов жана долбоорго көмөктөшүп жүргөн Топчубек Тургуналиев деген жаран  элдин башын  айландырышып акчаны сол чөнтөгүнө солоп алышкандай…  Анткени Гамал Сооронкулов Нарын тоолорунан маралдарды Аксы жергесиндеги «Алаӊ  аскасына»  алып барууга жана ал жерден маралды көбойтүү үчүн  атактуу актёр  Леонардо Ди  Каприонун фонду  Кристенсен фондусуна долбоор жазып 6 миллион 300 мин сом  утуп алат (90 000 АКШ доллар). Долбоор боюнча алгач 2016-жылдын январ айында 2 миллион 100 мин сом, 2017-жылда 2 миллион 100 мин сому  баары ишке ашкан соң 2018-жылы 2 миллион 100 мин сому берилмек болот. Гамал баш болгон долбоордун алгач 2016-жылы 2 миллион 100 мин сомун алдык деп “Спутник” сайтына маалымат беришип, анда  136 мин 500 сомго Нарындан жук ташуучу унаа менен  Авлетимге маралдарды  жеткирүүгө жумшалат деп билдирет.  Андан сон «Алан» аскасы бийик аска  болгондуктан  1 миллион 116 мин 500 сомго  маралдарды тик учак менен Алан  Тоого чыгарышмак.  Маралдарды көзөмөлдөө үчүн  98 миң 840 сомго «Алаӊ» аскасы ноутбук, принтер, фотокапкан, видео жана  фото камераларга жумшалган дейт. Атайын маралды кароо учун 17 адамга  358 мин 400 сомго чатыр, кышкы жана жайкы  атайын кийимдер, дүрбү, рация, бензин, меш, идиш-аяк, маралдар үчүн куту, дары-дармек алууга сарпталат. Атайын маралдарды багуу үчүн билимдүү адистердин келип-кетип жашаганы үчүн  207 мин 760 сом бөлүнөт. Мындан сырткары маралдарды сапатуу кароо үчүн атайын ветеринар адистер чет өлкөдөн келип жардам беришкени үчүн 140 миң сом каралат.

Ошондой адистер Кыргызстанда жок болсо Улуттук Илимдер Академиясына кайрылса болбойбу? Атайын марал  долбоорун реклама кылуу үчүн ММК га 42 мин сом  бөлүнгөнүн  Гамал Сооронкулов айтып берген. Долбоордо жазылып турат биздин маралдар коруктарда эле калганына байланыштуу чарбаларга да чыгаруу максатында дейт. Эгер ушул чын болсо биосфералык Сары-Челек коругунан эле Авлетим токой чарбасына алып өтүшпөйбү алыскы Нарындан алып келишпей, адаптация барына женил болмок. Себеби бул калп! Ал жерде маралдар да жокко эсе. Ал эми ошол долбоорго донор болгондор ойлоп жатышат  Кыргызстандын коруктарында Америка, Европа сыяктуу эле маралдар  толуп ашып жатса, башка жактарга да үйрөтүүгө жардам берели дешсе керек го. Ушундай түшүнүксүз долбоорлордун кесепети кыргыз мамлекетине тийип донорлор экинчи биз менен болгон мамилени улантышпай үзүп коёру талашсыз. Ошондуктан биринчи даяр объект болгон Сары-Челекти маралдарга толтуруп алсак болбойт беле?Ал жерде баардык шарт жана атайын штаттык сотрудниктери, илимий кызматкерлери бар го. Ошол марал багабыз деп жаткан Алан аскасынын оң тарабы Сары-Челек коругу менен сол тарабы Падыша-Ата коругу менен чектешет. Эки тарабыбызда теӊ мамлекеттик даяр коруктар турса  Авлетим токой чарбасынынын андан калса айылдын башындагы асканын башына канча каражат ысырап кылып марал алып келип баккандын канчалык деӊгээлде зарылчылыгы бар? Ошол эки корукту  маралга толтурса бизге өтүп кенен жашай бермек, ошол анчылык коомдогулар өзүлөрү эле атышпаса эл атпайт жапайы жаныбарларды баягы «даракты кыйган балтанын сабы жыгач»деген макалдай болуп. Ушундай долбоорлорду ошол коруктарга колдонбосо коруктардын эмне кереги бар?Алаӊ аскасы жөнүндө айта кетсек айылдан эки –үч эле чакырым, башкача айтканда айылдын башында жайгашкан төрт тарабы тең аска, үстү тегиз жер ал жерге чыгыштын эки жолу бар, бир жолу союз менен кошо бузулган, ал эми экинчи жолуна шамдагай мергенчилер эле чыкпаса жөнөкөй адам чыгышка мүмкүн эмес жайдын күнү, ал эми кышында кантип чыгышын өзүңүздөр элестетип көрүңүздөр.

Ал эми Аксыда адат катарында эле бир метрден кем кар жаабайт. Маралдарды жаӊы алып келгенде кеминде беш алты жыл кышы жайы тынбай короодогу кой сыӊары карап, багып, дарылап, жем чөп алып ошол асканын башына чыгып берип туруш керек го, адаптация болгонго чейин. Бул иштерди аткарууга мүмкүнчүлүгү жок ал жердин географиялык жактан . Ал эми калган 4 миллион 200 мин жөнүндө али ооз ачыша элек балким аны да алгандыр. Долбоордо 17 адам  маянасыз карап жатат деп белгилейт  аталган 17 адам  Топчубек Тургуналев деген адамдын  инилери  жана жек жааташтары. Кантип эле бул кишинин инилери бекер марал багып калышат?

«Алаӊ» аскасы айылдан 2,5 чакырым ,тактап айтканда айылдын эле башында жайгашкан. Тегерек чекесинде элдин мал кайтарган жайыты. Ал жерге жергиликтүү элдин иттери ар дайым эле чыгып жүрүшөт. Элдеги  иттер чыгып тиштеп же жеп коюшу толук ыктымал. Алаӊ аскасы плотина сыяктуу төрт  тарабы жылмакай аска болсо. Эки булагынын бирөөсү жайында кургап суу чыкпай калса кышында тоӊуп маралдар эмес ит түшүп иче албаса. Анда маралдар ал жерде кантип жашап көбөйүшөт? Ошондой эле атайын окумуштуулардын изилдөөсүндө марал өтө назик жаныбар болгондуктан тик учак менен бийик чыгарууда жүрөгү токтоп калышы мүмкүн экендиги  ырасталган. Андан сырткары бапестеп жайы кышы  карап, жем берип ардайым көздун карегиндей карап жатышкан Нарын мамлекеттик коругунда үч жылда бир төл берип жатса, биздин асканын башында кандай болот. Кыштын күнү жем эмес адам чыга албаса ал аскага. Ушул фактылардан соӊ кыргыз элинин табиятынын маралдарын ынгайлуу Нарын мамлекеттик коругунан, бир төрт тарабы аска, карагайлары жок, тозок жерге алып келип, кышында ачкадан өлөбү, ит жейби, айтор долбоорду ишке ашырып койдук маралдар жүрөт деп кетип калыш үчүн жасалган долбоор сыяктанат. Адамды сыйлабасанар да бир макулук табияттын жаныбарларын пайдаланып акча табуунун жолу кылганынарды кудай да кечирбейт.

Ушул пикирлердин баарын билип туруп, маралдарды  «Алаӊ» аскасына алып чыгууну максат кылып жатканыңар түшүнүксүз. 2016-жылы алган 2 миллион 100 мин акчанын жообун элге качан беришет. Ал акчага марал 2016-жылы эле келиши керек эле го.  Гамал Сооронкулов долбоор жазса эле Америка колдоп жибергидей  алардын акылы тайкы эмес. “Марал” долбоорун Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу  департментинин директору Алмаз Мусаев да колдоп бергени үчүн  ишке ашып отурат. Былтыркы жылы аталган департаментке эки жолу кайрылуу кылып күмөн жараткан долбоорду  тактап бериниздер  деп эки жолу кайрылуу жазсак бир дагы жооп болгон жок.  Долбоорду Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтү колдоп  берди деп жатышат, 6 миллион акча бөлүнүп жатса элдин келечегин Кыргызстандын тагдырына күйбөгөндөр  колдоору турган кеп.  Гамал Сооронкулов ар дайым жашыруун чогулуштарды өткөрүп, маралды  эл колдойт деп айтып жүрөт. Кыйын болсо, бир сом  жебеген болсо элдин астына, менин алдымда  ачык чыгып, акчаларды эмнеге коротконун айтып берсин. Бул киши  марал келери менен, Американын акчасы түгөнөрү  менен  качып кутулушу мүмкүн. Маралдардын кийинки тагдыры ал кишини кызыктырбайт окшойт. Акчасын чет өлкөлүк донорлор каржылаганы менен жаныбарлар биздин Ала-Тоонун жаныбарлары го. Аларды андай ыкма менен кордошко ким уруксат берди? Кандай долбоор болбосун аны  ишке ашуусундагы катачылыктарга жол берилбеши керек. Айтор калган 4 миллион  жөнү жок жемкорлордун чөнтөгүнө кете электе тезинен укук коргоо органдары иликтеп чыгып, укуктук баасын бериш керек. Маралдардын кийинки тагдыры эмне болот аны ойлогон бир жан жок. Кыргыз Республикасынын Конституциясында  Кыргызстандын ар бир жараны өз мекенинин кызыкчылыгын колдоого  мыйзамсыз ишке каршы турууга милдеттүү деп жазылат. Кыргыздын жараны, Аксынын,  анын ичинде Авлетимдин кызы катары адилеттүүлүктү ачык айтууга милдеттүүмүн деп эсептеймин.

Журналист Кундуз Шайдиева, Аксы району

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: