Menu

Тажик КВН башчысынын иши сотко жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Журналист, тажик КВН командасынын капитаны Хайрулло Мирсаидовдун иши сотко жөнөтүлдү. Согди облусунун прокуратурасы айыптоочу бутүмдөн улуттук кастыкты козутуу беренеси алынып салганын тастыктады.

Маалыматтарга караганда, Хайрулло Мирсаидовго “Улуттук, расалык өч алуу же диний араздашуу”, “Жалган документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр-штамптарды даярдоо” жана “жалган маалымат таратуу” деген айыптар тагылган.

Хайрулло Мирсаидов мурда айтылгандай, 300 миң сомони (33 миң доллар) эмес, 100 миң сомонини (11 миң доллар) “ыксыз” пайдаланганы аныкталган.

Буга чейин Тажикстандын ЕККУ алдындагы өкүлчүлүгү Мирсаидовдун иши саясий өңүттө эмес экенин, кылмыш иши алдамчылык фактысы боюнча козголгонун билдирген.

Апрелдин башында Хайрулло Мирсаидовдун кылмыш ишин иликтөө эки айга узартылган. Мындан соң АКШнын ЕККУ алдындагы миссия башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Мишель Сайдерс тажик бийлигин Мирсаидовдун ишин токтоосуз иликтөөгө, өз оюн эркин билдирүү боюнча алган милдеттерин аткарууга чакырган.

39 жаштагы Мирсаидов 2017-жылы декабрда президентке, башкы прокурорго жана Согдинин губернаторуна Худжанд шаарындагы аткаминерлердин жемкорлугун тыюуну өтүнүп ачык кат жазгандан бир нече жумадан кийин кармалган.

Булак:  Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: