Menu

Кубанычбек Кулматов коррупциялык жол менен 1 млн АКШ долларын уурдап жеп алган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 18-майда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэрии К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303- Коррупция беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулду.

Такталган маалымат боюнча, К.Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп туруп, “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды КР Өкмөтүнүн карамагынан Бишкек шаардык мэриясынын карамагына Калыс Ордо жаңы конушунда мектеп куруу маселеси орчундуу деген жүйөө менен чыгарып кетип мыйзамсыз колдонгон.

К.Кулматов “Альто Групп” ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары Калыс Ордодогу мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн. сомдон ашык акча бөлүнүп берилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында жеке компаниянын жетекчилеринин бири КР МУКК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

К.Кулматовдун, Бишкек шаарынын кызматтык адамдарынын жана аларга тиешеси бар жеке компаниянын жетекчисинин жашаган жеринде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тергөө жүрүп жатат.

Эми муну жалпак тилге салып айтканда, кытайлык ТВЕА компаниясы Бишкекке бир жана Ошко бир 1200 орундуу 2 мектеп курууга бөлгөн 2 миллион АКШ долларын ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бийликтеги байланыштарын пайдалануу менен өзүнө афирирленген “Альто Групп” ЖЧКсына тендерсиз түздөн-түз котортуп алган. Ал фирма 1 млн АКШ долларын алып, бирок Бишкектин “Калыс ордо” конушуна мектептин курулушун баштап гана коюп, бүтүрбөй таштап салган. Акчалар уурдалып кеткен. Мэр Кубаныч Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсын сотко бербей мектептин курулушун бүтүрүү үчүн дагы башка 2 курулуш компаниясын чакырып, аларга да ТВЕАдан 1 млн АКШ долларын котортуп берген. Ошондо да 2 мектептин акчасына 1 мектеп бүтпөй, Кулматов мыйзамсыз жол менен Бишкек мэриясынын бюджетинен мектепти бүтүргүлө деп дагы 104 млн сом которуп берген. Эки 1200 орундуу мектеп бүтө турган 2 млн АКШ доллары уурдап-тонолгондон кийин бир 660 орундуу мектеп, кошумча чыгымдар (104 млн сом) менен бүткөрүлгөн. Калган акчалар таланып-тонолуп кеткен. Албетте бул Атамбаевдик режим учурунда адаттагыдай көрүнүш болуп калган.

Атамбаевдин өкүл баласы, КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев да кызмат абалынан пайдаланып, Бишкек ТЭЦинин оңдоо жумуштарына бюджеттен бөлүнгөн 20 млн сом акчаны өзүнүн апасына катталган фирмага котортуп алып, уурдап жеп алган фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, азыр УКМКда тергелүүдө.

Атамбаевдин тегерегиндеги баардык мамлекеттик кызматкерлер бюджеттин акчаларын өздөрүнө афирирленген фирмаларга котортуп алышып, муну өздөрүнүн бизнеси катары кабыл алышып, элдик казынаны уурдап-тоноп турушкан. Эгер баардык чиновниктердин ушундай кылмыштары иликтенип, соттолуп, элге жарыяланса, уурдаган акчалары бюджетке кайтарылса коррупцияга каршы күрөш чын эле жүрүп жатканына эл ишенмек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: