Menu

Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу боюнча кеңешме өттү

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча көчмө кеңешме өттү.

 «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык толук жүрүп жатат. Учурда жолдордун курулушу, Чолпон-Ата ипподромун реконструкциялоо боюнча иштер жүрүүдө. Аны менен катар  суу менен камсыздоо, жогорку ылдамдыктагы Интернет жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери чечилүүдө. Бардык иштер мөөнөтүндө аткарылышы керек», – деди ал.

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө Кубатбек Боронов Чолпон-Ата шаарында ипподромдун жана оюндарды өткөрүү мезгилинде пайдалануучу альтернативдик жолду даярдоо иштери, Григорьев капчыгайы аркылуу айланма жолдун курулушу менен таанышты.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кырчын жайлоосуна чыгып, кеңешме катышуучулары менен «Кырчын» этношаарчасын даярдоо жана анын толук кандуу ишине тийиштүү  инфраструктураны камсыздоо процессинин жүрүшүн талкуулады.

Белгилесек, кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, тийиштүү аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешме жүрүшүндө материально-техникалык, электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоого, оюндардын катышуучуларынын жана меймандарынын коопсуздугуна тийиштүү маселелер көтөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: