Menu

Аскар Бешимов: ТЭЦ боюнча келишим ким менен макулдашылганы белгисиз

Бөлүшүү:

-Аскар мырза, ТЭЦти модернизациялаган ТВЕА менен келишим түзүлөрдө, аны карап, изилдеп чыгуу үчүн ТИМге үч эле күн мөөнөт берилгенин, андыктан келишимге сиз терс пикир менен жооп бергениңиз белгилүү болду. Негизи чет өлкөлүк компания, фирмалар менен келишимди карап чыгууга канча убакыт берилиш керек эле?

– Ар бир иште чет өлкөлүк компания, фирмалар президент менен сүйлөшсө да, келишим түзүлөрдө сөзсүз түрдө өкмөт ТИМге тапшырма берип, жок дегенде 15 күн, стандарт түрүндө бир ай мөөнөт бериши кажет. Бул бир ай убакыт эмнеге керек? Компаниянын штаб квартирасы кайсы жерде жаигашкан, кайсы өлкөлөр менен иштешкен, тажрыйбасы барбы-жокпу, ошолор иликтенет. ТВЕА боюнча толгон-токой суроолор бар. Бул компанияны ким алып келди бизге? Долбоордун автору ким, ким жазды? Анан да бул банк («Эксимбанк») биринчи келгенби, «ТЭЦиңерди жасап берем, подрядчиктерди алып келем» деп, же биринчи ТВЕА келип, «бизге бергиле, биз банктан акча сурап беребиз» дегенби? Биринчи мына ушуну иликтеш керек. «Ири компания, дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерде долбоорлорду ишке ашырган» деп мактап жатышат. Бул жерде койгон талаптар, мамилелер Кыргызстанга гана таандыкпы, же жалпы эле саясат ушундайбы? Эгер сот болсо, Гонконгго арбитражга алып барса, ал жерде ачык-айкын реестри бар. Мурунку сот болгон териштирүүлөр. Ошонун ичинде «Эксимбанк» катышканбы, жыйынтыгы кандай болгон, ТИМ ошолорду караш керек эле. Мунун баары керектүү маалымат, убакыт бериш керек. А бизге убакыт берилгенде, бул маселелердин баары сүйлөшүлгөн, ким сүйлөшкөнүн билбейм. Азыр депутаттар ошонун айынан тирешип жатышат.

– Эрлан Абдылдаев жыйында «Кытай элчилигинин кеңешчисинин канцеляриясы жазган кат Кытай мамлекетинин расмий позициясы болуп эсептелет» деди. Чын эле ошондойбу?

– Негизи эки мамлекеттин ортосунда катнаш түзүлүп жатканда, «бул жерде сенин оюң, менин оюм, министрдин ою» деп айтылбайт. Эки өлкө ортосундагы мамиле укуктук талаанын негизинде каралат. Эл аралык мамилелерге ылайык Кыргызстан Венада 1961-жылы түзүлгөн эки конвенция менен иш алып барат. Бул – дипломатиялык катнаш, консулдук катнаш. Андан сырткары Кытай мамлекети менен Кыргызстан кол койгон эки тараптуу келишимдер. Ошонун ичинде дипломатиялык катнаш жөнүндө так, ачык, айкын көрсөтүлгөн: «Өкмөттүн, мамлекет жана министрлик, ведомствонун атынан элчилик жана консулдук мамлекет позициясын билдиргенге акысы бар» деп. Кыргыз тараптан да, Кытай тараптан да элчилик же консулдук өлкө позициясын билдирет. Ошонун негизинде бизде Кытай элчилиги, Ошто консулдук ачылды. Биз Пекинге ачтык. Ал келишимде соода-сатык боюнча кеңешчинин канцеляриясы жөнүндө бир дагы сөз жок. Расмий Кытайдын позициясы элчиликтин соода-сатык боюнча кецешчинин канцеляриясынын деңгээлинде болмок беле? Мен түшүнбөдүм. Логикага өтсөк, анда элчиликтин эмне кереги бар? Канцелярия эле иштей бербейби? Суроо туулат: «Эмнеге элчиликтен сурабайт, соода-сатык боюнча кеңешчисинен сурайт?». Уят эмеспи!

Динар Турдугулова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: