Menu

“Аврора” санаторийин менчигиндей пайдаланып байыган Аскат Акибаевге чара көрүлөбү?

Бөлүшүү:

2012-жылдын августунан 2016-жылдын январына чейин кереметтүү Ысык-Көл жээгиндеги КР өкмөтүнүн алдындагы Маммүлк фондунун алдындагы “Ысык-Көл Аврора” санаторийинин директору болуп, андан кийин Ысык-Көл облусунун губернаторлугуна секирик жасаган Аскат Акибаев аттуу экс-чиновникти жакшы тааныйбыз. Ал өзүн убагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн демилгечиси катары көрсөткүсү келип, төш каккылап жүргөнүн да укканбыз. Анан дагы КТРКнын журналисттери менен өтө тыгыз кызматташып, өзүн-өзү пиарлоонун мыкты үлгүсүн көрсөтө алган. Көрсө, ал журналисттерди санаторийде бекер эс алдыруу менен эле “Авроранын” ишин аябай алдыга жылдырып, өнүктүрүп аткандай түр жарата берчү тура. Бирок, реалдуулукта санаторийдин иши алдыга жылбай эле, анын өзүнүн жеке чөнтөгү кампайып турчу экен.

Сөздү ток этер жеринен баштайлы, 2015-жылдын апрель айында “Аврора” санаторийинин кызматкерлеринин атынан анын директору А. Акибаевдин мыйзамсыз жасап аткан иш-аракеттери тууралуу кең-кесири жазылган кайрылуу жогорку бийлик өкүлдөрүнүн дарегине келген экен. Ага чейин дагы ушундай эле кайрылуулар ошол убактагы Башкы прокурорго, ИИМ министрине, АКС төрагасына, Экономкалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматына, алтургай ошол убактагы президент, премьер-министрлердин дарегине чейин жолдонгон экен. Бирок, эмнегедир эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Кайрылууда А. Акибаев санаторийге директор болуп келгенден тарта, акча түшө турган жерлердин баарына өзүнүн жакындарын, туугандарын кызматка коюп, алар аркылуу санаторийдин казынасына түшө турган акчаларды өзүнүн чөнтөгүнө буруп келгени айтылат.

Баса, адегендеги кайрылуулардын арты менен санаторийге текшерүүчүлөр келишкен экен. Бирок, ал текшерүүчүлөр жөн гана үстүртөн текшерип кетип калышкан. Текшерүүчүлөр келгенде мурда эс алып, акчасын төлөп, бирок каттоого киргизилбей калгандардын ордуна башка эле адамдардын аты-жөндөрүн каттап, 15 күн эс алгандарды 5 күн эс алды деп каттап, эптеп көз боемочулук жасашкан. Эгерде текшерүүчүлөр кынтыксыз текшерүү жүргүзгөндө, анда А. Акибаевдин санаторийдин ичинде түзүп алган коррупциялык схемасынын бети ачылмак. Тилекке каршы, текшерүү жөн гана көз көрсөтүүүчүн баргандай болуп калган.

Андан кийинки кайрылуулардын негизинде да тиешелүү органдарга текшерүү милдети жүктөлгөн. Бирок, баары бир А. Акибаевдин кылы кыйшайган эмес.

Кайрылууда “Авроранын” кызматкерлери 175 жана 128 адамдын аты-жөндөрү жазылган эки тизмени тиркешкен. Башкача айтканда, ошончо адамдын “Аврорада” акча төлөп эс алганы чындык болгону менен, алардын аты-жөндөрү каттоого алынбаган. Демек, алардын акчалары дагы бухгалтериясына кириштелген эмес.

Ошентип, А. Акибаевдин алдым-жуттумдугунун айынан санаторийдин кызматкерлери жаз-күз айларында “план толбой калды, акча жакшы түшкөн жок, сезон болбой калды” деген шылтоо менен камсыздалбаган отпускага чыгууга аргасыз болуп келишкен. Бирок, алар сезон маалында эс алуучулар өтө көп келип, бош орундар дээрлик жок болуп калып атканын өз көздөрү менен көрүп турушкан. Жамааттык келишимде каралган кварталдык, жарым жылдыкта берилүүчү сыйакыларды да берген эмес.

А. Акибаев “Аврорадан” жеке финансылык кызыкчылыгын канааттандыруунун бир нече жолун тапкан. Анын биринчиси, санаторийге керектелүүчү азык-түлүктөрдү, электротоварларды, чарбалык, сантехникалык жана башка товарларды сатып алууда тендерде көрсөтүлгөн сумманын 15-20%ын Акибаевдин жеке чөнтөгү

Булак: Учур

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: