Menu

Кубанычбек Кулматовдун кечээ сурактан кийин айткандары калп болуп чыкты

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-майда УКМКдан 4 сааттык сурактан чыккан экс-бажы башчы Кубанычбек Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “Мен кызматтан өз каалом менен арыз жазып кеткенден кийин мени ээрчип бажы кызматынын жарымы өз каалоолору менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып кетип жатышат. Мен жетекчи составды айтып жатам”, деп билдирген.

КР Бажы кызматы бул билдирүүнү төгүндөп, жаңы төрага Алмаз Оңолбеков келгенден бери Бажы кызматынын жетекчи составынан бир да кызматкер кызматынан бошотулбаганын билдирип, Кубанычбек Кулматовдун калпын чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кубанычбек Кулматов ага каршы козголгон коррупция беренеси боюнча кылмыш иштин алкагында кечээ 6-жолу суракка кирип чыкты. Ага Кыргызстандын аймагынан чыкпоо боюнча бөгөт чарасы коюлган. УКМКнын тергөө кызматы Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда кытайлык ТВЕА компаниясы Ошко 1200 орундуу 1 мектеп, Бишкекке 1200 орундуу 1 мектеп салынсын деп 2 мектепке бөлүнгөн 2 миллион доллар акча каражатын уурдап жеп алган деп шектелүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: