«Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт» деген накыл бар элибизде. Мааниси канчалык сак болгонуң менен акыры алкымыңдын, ынсапсыз, тойбогон ач көздүгүңдүн азабын тартасың, торго чалынасың деген түшүнүк жатат. Мына Акаевдин доорунан бери сактыгынан кылтакка илинбей чириген байга айланган Аскар Шадиев тойбогон суктугунун айынан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына берилчү 30 миң долларга көз артып жымыра коём деп шорго малынды. Айтматов кантсе дагы касиеттүү инсан эмеспи, Шадиевдин арам максаты ачыкка чыгып, кылмыш иши козголуп, камалып кетээрде качып кетти. Канчага чейин качып жүрөт болду экен? Балким Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде “булуттан чыккан айга окшоп” пайда болуп калган мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдой болуп, бийлик алмашкан мезгилди күтөөр…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ