Экотехинспекциянын жетекчиси Канат Муратбеков ишине кайдыгер, шалаакы мамиле кылаары буга дейре көп эле жолу айтылды. Бирок уккандар көрө албастык катары айтылган жалаа деп билишчү. Ырасында Нарын облусун жетектеген учурда өзүнүн мыкты иш билгилигин көрсөткөнү менен эл оозуна алынып, кадыр күткөн. Бирок андан бери кыйла суулар акты. Баягынын бири жок. Муратбеков Экотехинспекциянын башкарып келе жатканына 2 жарым жылдын жүзү болду. Камчыбек Жолдошбаев айткандай, «майлуу жерди коргогондон» бөлөк иш кылбай калганы сынга алынып келет. Бишкек шаарындагы башаламан жүргүзүлүп жаткан курулуштарды айтпаганда дагы, алыскы аймактардагы кен казган жердеги талкаланган экологияга көзөмөл кылганга жараган жок. Мына Ала-Бука, Чаткал райондорунда кен казган компаниялар экологиянын ишпалдасын чыгарып, өз билгендерин жасап жатат. Далил катары таза сууну булгап жатышкан видео материал интернетти аралап жүрөт. Муратбековдон үн чыкпайт. Алчусун алып алгандай тымпыят. Же “кетээр кыздын кербези” дегендей, баары бир кызматтан кетем да, эмне болсо ошол болсун деп жатабы?..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ