Menu

Акылбек Мамасейитовдун жоруктарын ким тыят?

Бөлүшүү:

Тогуз-Тородо элдин массалык түрдө тополоңго чыгышы, Кыргызстандагы инвестициялык климатты өлтүргөнү, ОИИБнин шалаакылыгынан улам тартипсиздик орун алганы кандай? Албетте, бул окуялар ошол учурдагы Жалал-Абад ОИИБнин мурдагы башчысы Акылбек Мамасейитовдун алдын ала эл менен жолугуп, профилактикалык иштерди жүргүзбөгөн шалаакылыгынан келип чыкканы маалым. Анын кесепетинен Тогуз-Торолук бейкүнөө жарандар камалып олтурат. А баса, береги аймактагы «хаосту» түзгөн ОИИБнин мурдагы начальниги Акылбек Мамасейитов эмне үчүн талкуулоого алынбай, ал башка кызматка орун которуп кетет? Керек болсо Мамасейитов буга чейинки кылган шектүү иштери үчүн жазага тартылып, кылмыш иштерине кириптер болушу керек эле. Мамасейитов облустагы мыйзамсыз иштерге, башаламандыктарга жол бергендиги үчүн жоопко тартылышы керек. Тилекке карты, «өз балдарды» коюн-колтукка ала берсек, анан качан коррупцияга каршы күрөшөбүз?

Буга чейин деле Мамасейитов өздүк курамдын ичинде кадыр-баркы жок болгону, коомдук-коопсуздук абалды тийиштүү деңгээлде жайгара албай, тажрыйбасы жетпегенинен улам аксап келген. Анын себеби эч качан ИИМдин жогору баскычында жетекчи болуп иштеп көрбөгөн Мамасейитовдун бул кызматка келиши деп баамдасак болот. Айрым маалыматтарда Акьибек Мамасейитов ИИМдин орун басары, бул тармактагы коррупциянын символу аталган Данияр Абдыкаровго тиешелүү «ставканы» берип анын көңүлүн таап, бул кызматка келгени айтылууда. Жогорку жетекчилик мындай кадрды неге кармап олтурган? Дагы жакты, ИИМге жаңы жетекчи келгени аны алгач кызматтан которуп, акыры ИИМдин атына кир келтиргени үчүнбү, айтор биротоло айдап чыкты. Баса, Мамасейитов тар чөйрөдө кайсы бир «крышаларын» айтып мактанып, өзүнүн жеке бизнеси гүлдөп жатканына таянганы кандай? Ушунча да эрке талтаң болобу?! Мындай жоопкерсиз жетекчини эмнеге жазалашпайт?!

Айрым маалыматтарга таянсак, Акылбек Мамасейитов Данияр Абдыкаров аркылуу мурдагы ИИМ министри Исраилов менен жакшы болуп, алардын коргоосу менен Жалал-Абад облусунда бир топ мыйзамсыз иш аракеттерге барганы айтылып келет. Ал аймактагы алтын кендерине “доляга” олтуруп, алынган алтындан жогорудагы эки кожоюну менен бөлүшүп келгени айтылып жүрөт. Булардын ыраатын коргон Исраилов учурунда Атамбаевге Абдыкаров менен Мамасейитовду мактай берип, бирине генерал-майор, бирине “Даңк” медалын алып берген. Аныгында бул эки жетекчи мындай наамдарга татыксыз, алардын көзгө басар бир дагы алгылыктуу иштери жок экенине коомчулук күбө. Тескерисинче бул эргулдардын кулактары жалаң гана мыйзамсыз иштерден көрүнүп жатпайбы? Акчанын кулуна айланган Исраиловдун бул жоругун, кийин Атамбаев туюп, бир генералдык чин туура эмес берилип калыптыр деп Абдыкаровдун огородуна таш ыргытып, өкүнгөн жайы бар.

Эң кызыгы Акылбек Мамасейитов ИИМ тармагына келгени 4 жолу кызматынан төмөндөтүү менен, 3 жолу «распоряжение» менен кызматтан кеткен экен. Бул ага карата жетекчиликтин ишенимин актабаганы жана өз ишин тарта албаган сабатсыз жетекчи экенин айгинелеп жатпайбы. Анан ушундай адамды кап-чыгына азгырылып жооптуу кызматка дайындаган жетекчиликке жол болсун.

Учурда күбүр-шыбыр кептерге таянсак, бул эргул президенттин айланасындагы таасирдүү адамдарга чыгып, Бишкек шаардык милициясына башчы болуп келүүгө жан үрөп жатыптыр. Алардын таасири менен Кашкар Жунушалиевге чыгып, жакынкы күндөрү дагы бир майлуу-сүттүү кызматка келип калышы ыктымал. Эгерде бул маалымат чындыкка дал келип, ушул сценарий ийгиликтүү ишке аша турган болсо, Кашкар Жунушалиев экинчи ирет кол алдындагы булганыч кызматкеринин алдында сынган болот. Эске сала кетсек, Кашкар Жунушалиев 2016-жылы ИИМге министр болуп келип, ИИМдин коллегиясын өткөрүп, ал коллегияда жалындуу сүйлөп, батыл кадам менен бир нече башкармалыктын жетекчилерин кызматтан айдаган. Алардын арасында кызматтан айдалган Бакир Таиров ошол эле күнү, крышасы Икрамга чыгып, өз ордун сактап калган. Икрам Илмиянов Кашкар Жунушалиевди жарга такап, айткан сөзүн кайра артка алдырганы боюнча маалыматтар желдей тараган. Андыктан Кашкар Жунушалиев мындан ары чыныгы генералдык сапатын көрсөтүп, «сөзүң өлгөнчө өзүң өл» демекчи, принципиалдуу түрдө жогору жактан келген желге туруштук берип, «айтылган сөз атылган ок» дегендей, артка кайтпашы керек. Тескерисинче Кашкар Жунушалиев Акылбек Мамасейитовду бардык наамдарынан ажыратып, анын иштери боюнча комиссия түзүп, былыктарын иликтөөгө ала турган болсо, бардык коррупциялык схемасы калкып чыгат. Андыктан Кашкар мырза ИИМди ириткен крысалардан эртерээк арылууга тийиш.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: