Menu

“Ихластын” иши чатак… Икрам Илмиянов, Жантөрө Сатыбалдиев, Каныбек Нарбаев сыяктуу куу чирендердин кулактары чыга баштады

Бөлүшүү:

Кыргызстанда эмне көп, курулуш компаниялары көп. Мына ошол саны көп, сапаты жок компаниялардын бири «Ихлас» компаниясы тууралуу кеп болмокчу. Бул компанияны коомчулук акыркы 3-4 жылда көп уга баштады. Буга чейин бирин-серин эле адам бул курулуш компаниясы тууралуу билбесе, дээрлик мындай компаниянын бар экенин эч ким деле назарына алган эмес. Колдогон кожосу кадимки шоопур Икрам Илмиянов деп жүргөн бул компания акыркы жылдары атагы чыгып, эл оозуна алына баштаган. Бат эле бажырайып чыга келген компания тууралуу “өтө кызыл бат оңот” деген макал туура келип туру. Дегеним, кечээ эле “ташы өйдө кулап жаткан” компаниянын бүгүн башына кара булут айланып, иши чатак. Бул компания өзүнө бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдорду камтыйт. Алар: «Кыргыз каганат», «Ак башат» жана «Арек строй».

Андан тышкары бул компания шаарыбыздагы эң кымбат жерлерди ит бекер баада ижарага алып, алган жерлерге көп кабаттуу үй салышмак. Логикалык жактан алып караганда, ижарага 5 жылга алып жатса, ал жерге капиталдык курулушту жүргүзүүнүн зарылчылыгы бар беле? Ал ал болсун. Бишкек шаарыбыздын Октябрь районундагы жер тилкесине үй салуу конкурсун одоно бузгандыгы үчүн иш козголгонун билгендер кабарлашты. Бул иштин аягы жакшы болбостугун сезип калган колдоочулар четке кача башташты. Ушул эле компаниядан экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, Архитектура жана курулуш агенттигинин экс-жетекчиси Каныбек Нарбаев жана дагы бир топ аткаминердин кулактары чыгууда. Кулагы чыккан куу чирендер качып кутулабы же тутулабы аны убакыт көргөзөт…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: