Menu

Насыя ишкердикке, керектөөлөргө гана эмес, билим алууга дагы берилет

Бөлүшүү:

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүнкү, 21 – майдагы жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карады. Ага ылайык, жогорку окуу жайларында келишимдик негизде акы төлөп окуп жаткан студенттердин окуусуна деп жеңилдетилген субсидия берүү демилгеленүүдө. Адеп бул долбоорго болжол менен 500 студент камтыла турган болсо бюджетен аларга кетүүчү чыгым  2 млн. 275 миң сомду түзөт. Пайызы жок мындай насыя берүү ишине мамлекеттик да, жеке дагы банктар катыша алышат. Ал эми алынган кредитти төлөө жагдайы студент окуусун аяктап, ишке орношкон мезгилден тартып жүргүзүлө баштайт, – дейт демилгечи топтун атынан баяндама жасаган депутат Аалы Карашев.

Буга чейин мындай насыя алуу мүмкүнчүлүгүнөн кимдер пайдалангандыгын депутат Аида Касымалиева тактады.

Депутат Садык Шер-Нияз, -“Мамлекеттик бюджеттен чыгымдала турган сумма так каралышы керек. Мисалы, Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуган студенттердин төлөй труган каражаты кеминде 400 миң сом. Анда алар канча суммадагы насыя ала алышат?” – деген суроону койду. Ошондой эле депутат эгер билим алууга болгон насыянын керектөөчүлөрү өссө, алардын тизмеси кантип такталат. Жең ичинен жан тарткандар жолукпайбы? – деген тынчсыздануусун билдирди. Ошондуктан, бул багыттагы тизме электрондук тартипте иретке салынышы керек, – деп сунуштады ал.

Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса,  2019 – жылдын 1 – январынан тартып иштей баштайт. Биринчи жылда керектеле турган сумма 2 млн 275 миң сом. Бирок, бул чек эмес. Керектөөчүлөрдүн эсебине карап улам өсүп олтурат, – деп түшүндүрдү КР Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков.

Депутат Рыскелди Момбеков, – “Медициналык багытта жогорку билим алып жаткандардын окуй турган мөөнөтү баш –аягы 13 жылга жетиптир. Анда аларга берилген насыя 13 жылдан кийин кайтарылып баштайбы?”, – деп ар бир окуу жайдын өзгөчөлүктөрү кандай эске алынгандыгына кызыкты.

Талкуудагы мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирген депутат Жанарбек Акаев, –  педагогикалык багытта билим алып жаткан студенттердин стипендиясын жогорулатуу боюнча көтөрүлүп жаткан сунуштарды да эске алуу кажеттигин белгиледи.

Жыйынтыгында тармактык комитет “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн биринчи окууда жактырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: