Menu

Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келет

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу 21-майда эки өлкө башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрү учурунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөр учурунда соода-экономикалык жана инвестициялык тармакта мурда макулдашылган келишимдердин аткарылышы дагы талкууланды.

Эки өлкөнүн лидерлери энергетикалык комплекс, металлургия, машинакуруу, электротехникалык өнөр жай тармагында орусиялык компаниялар менен банктардын катышуусундагы келечектүү долбоорлорду даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары быйыл күздө Ташкентте Өзбекстан жана Орусия регион аралык биринчи форумун өткөрүү боюнча макулдашты.

Ошондой эле туризм, маданият, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча программаларды мындан ары дагы кеңейтүү зарылдыгы белгиленип, эл аралык саясат жана аймактык коопсуздук, туруктуулук маселелери дагы талкууланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: