Menu

Рогун ГЭСин куруп жаткандарга орозо тутпоого уруксат берилди

Бөлүшүү:

Тажик дин кызматчылары Рогун ГЭСин куруп жаткан жумушчуларга орозо кармабоону сунушташты. Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңешинин тиешелүү фатвасы дин кызматчылардан турган делегация Рогун ГЭСине барып келгенден кийин чыгарылды.

Уламалар кеңешинин төрага орун басары Усмонали Нуровдун айтымында, фатваны муфтий Саидмукаррам Абдулкодирзода шарият мыйзамдарынын негизинде чыгарган.

«Биз курулуш аянты менен тоннелдерге барып, андагы шарттарда орозо тутууга мүмкүн эмес экенине ынандык. Ысык, түтүн, жумуш оор… Көпчүлүгү 300 метр тереңдикте өтө оор шарттарда иштешет экен. Муфтий фатва чыгарып, аны жумушчуларга тааныштырды. Ага ылайык, куруучулар ыңгайлуулаак учурда орозо кармашса болот», – деди Усмонали Нуров.

Рогун ГЭСинин курулушуна 20 миңге жакын киши тартылган. Алардын көбү нөөмөт менен 15 күндөн иштешет. Уламалар кеңеши жумушчулар бош болгон 15 күндө же андан кийин орозо тутса болот деп эсептөөдө.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар албай жүрүү – ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: