Menu

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору элден кечирим суроого даяр

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров эл арасында “Сангород” деп аталган катаал режимдеги ооруканага жөнөтүлдү. Бул маалыматты анын үй-бүлө мүчөлөрү ырасташты.

Рашид Кадыров кан басымынын көтөрүлүп кетишине даттанып, эки жума мурун ооруканага дарыланууга жөнөтүлгөн.

19-майда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жакынкы 2-3 ай аралыгында мурдагы прокурор улуттук телеканал аркылуу күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сурай турганын айткан.

«Учурда башкы прокурор өзүнүн тобу менен түрмөдө отурат. 2-3 айдан кийин мен аны бардык телеканалдардан сүйлөгүдөй кылам. Себеби ал бардык жерде коррупцияны жайылткан. Ар бир район прокурорунан 30-40 миң АКШ доллардан алып турган. Ал чыныгы ууру болгон. Ошондуктан прокуратура кызматкерлеринин 70 пайызы бошотулду. Мен ал жакка таза адамдарды дайындадым. Эгер кимдир бирөө сатып кете турган болсо, аларга да ушул ыкманы колдонобуз», – деген президент Шавкат Мирзияев.

Бул арада ИИМдеги булактар мурдагы прокурор Рашид Кадыров телеканалдар аркылуу эл алдына чыгып, кечирим суроого даяр экенин маалымдашты.

Быйыл 22-февралда кармалган Рашид Кадыровго карата кызмат абалын ашыкча пайдалануу, пара алуу жана опузалап акча талап кылуу беренелери боюнча айыптар тагылган.

Башкы прокуратураны 15 жыл жетектеген 66 жаштагы Рашид Кадыров 2015-жылы мартта кызматтан алынган. ИИМ анын уулу Алишер Кадыровду быйыл марттын башында эл аралык издөөгө жарыялаган. ​Ал опузалап акча талап кылуу жана алдамчылык беренелери боюнча шектелүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: