Menu

Бакыт Бакетаев: коррупция менен күрөшкөндөр алты жылдан кийин Атамбаевдин командасынын кейпин кийип калышы мүмкүн

Бөлүшүү:

“Азыр Атамбаевдин командасынын ба-ары коррупцияга шектүү болуп калды. Буга негиздер бар. Анткени коррупция менен күрөш толук жүргүзүлгөн жок. Бул күрөш эки канат менен кетиши керек эле. Бири коррупциянын кесепеттери, экинчиси аны алдын алуу. Алты жылда аракеттер болду, Атамбаевдин кадрлары коррупциянын бу-тагы, жалбырагы менен күрөштү, ал эми анын тамырын кесе чабууну унутта кал-тырды. Ошондон улам, акырында негизги коррупцияга шектүү катары Атамбаев өзү, анын командасы көрүнүп жатат. Эгер коррупция менен күрөш толук жүргүзүлбөсө азыр коррупция менен күрөшкөндөр алты жылдан кийин Атамбаевдин командасы-
нын кеипин кииип калышы мүмкүн ,- деди Бакетаев.

Кубанычбек Кулматовдун өзүнө козгол-гон кылмыш ишин саясатка байлашына негизги себеп – “мыйзамдардагы чабалдык” дейт серепчи.

“Бизде мыйзамдарда “саясий куугун-тук” деген аныктама жок. Ошондуктан коп адамдар өзүнө козголгон иштерди “саясий куугунтук” деп аташат. Менимче мыйзамга анын себептерин тактап жазыш керек”,-деп кошумчалады Бакетаев.

Бакетаев Атамбаевдин „учурундагы алты жылда коррупция менен күрөштө кадрлардын чабалдыгынан туура эмес че-чимдер кабыл алынып калганын айтты. Ал
буга экс-мэр Нариман Түлеевге козголгон кылмыш ишин мисал кылды.

“Нариман Тулеев жакында акталат. Мен Тулеевге кылмыш иши козголгондо, анын мүлктөрүнө байланыштуу маселе жа-ралганда маалымат жыйын куруп айткам. “Бул туура эмес болду” дегем. Бирок эч ким көңүл бурган эмес. Азыр анын туура эмес болгонун мезгил көрсөттү. Ошондуктан мындай иштерде таланттуу, дасыккан кад-рлар иш алып барышы керек”, – деди Баке-таев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: