19-май күнү ыкчам маалыматтардын негизинде Сузак районун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзгөн убакта үйдүн жер төлөсүнөн 51 даана 5,45мм калибрдеги, 13 даана 7,62 мм калибрдеги (автомат октору) алынды, – Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалагы билдирет.
2018-жылдын 1-май айынан ушул күнгө чейин, башкача айтканда акыркы 20 күн ичинде облус аймагынан (Чаткал, Ала-Бука, Аксы,Таш-Көмүр, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон) калк арасынан баары болуп 9 ок атуучу курал алынды. Анын ичинен 1 даана сайлуу, 8 даана сайсыз ок атуучу куралдар алынса, (4) жарымы мыйзамсыз (документтери жок) сактагандыгы үчүн калган тең жарымы (5) түшүндүрүү иштеринин натыйжасында өз ыктыярлары менен милиция кызматкерлерине тапшырган. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ