Menu

Видео – Депутат Камчыбек Жолдошбаев экс-премьерлер Сатыбалдиев, Исаков, Сариевдерге: “Кытайдын акчасын бериш керек, бербесеңер түрмөгө түшөсүңөр да “чёрныйларга” бересиңер…”

Бөлүшүү:

Урматтуу коноктор (экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Темир Сариевдерге кайрылып), сүйлөгөнүңөрдүн баары эле туура, бирок каалайсыңарбы же каалабайсыңарбы кытайларга 500 млн доллар акчаны төлөш керек да!” – деп кайрылды 16-майда депутат Камчыбек Жолдошбаев парламенттин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык схемаларды талкуу жыйынында экс-премьерлерге карап.

“ Силер кыргыз элин, кыргыз журтчулугун Манас өлгөндөй кылдыңар да, Манас! Кыргыз эли азыр кайгырып турат, ошол мезгилде азыр Манас өлүп калса баары бир кошумчаны кошмоксуңар, ошондуктан бул акчаны кайра бериш керек. Фонд түзүп, өзүбүз акча топтоп, эптеп Кытайдан карыздан кутулалы. Эртең эле Манасты белге сайып өлтүргөн кытайлар бизди аямак беле? Же мобу олтурган 3 экс-премьер-министрди аямак беле? Акчаны бериш керек, бербесеңер түрмөгө түшөсүңөр да “чёрныйларга” бересиңер, эми көп сүйлөтпөй, мыйзамдын чегинде акчаны бергиле, бул жерде уурулук болгону, коррупция болгону көрүнүп турат. Карапайым кыргыз эли уй багып, уйунун сүтүн сатып, анын акчасына шекер, нан алып балдарын багып жатат.Анан ошолордун бир эчкисине көз артпай бул жерде чогулуп алып өзүбүз бир балээ кылалы. Урматтуу өкмөтчүлөр, силер да жасаганыңарды моюнга алгыла, урматтуу депутаттар силер да айтыша бербей калыс болуп би жыйынтыкка келели”, – деди депутат Камчыбек Жолдошбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: