Menu

Курил аралында иш таштаган кыргызстандыктардын маселеси каралууда

Бөлүшүү:

19-май күнү Орусиянын Түндүк Курил шаарында курулушта иштеген кыргызстандыктар иш таштаган. Буга алардын айлык акысын бир нече ай бою албаганы себеп болгон. Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча Түндүк Курил шаарынын жетекчилиги менен байланышып, иш алып барууда.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык курулушчулардын айлык акы маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Бул ишти жөнгө салууга мэрия, жергиликтүү депутаттар, полиция, прокуратуранын жана иш берүүчү “СПИРО” компаниясынын өкүлдөрү катышкан атайын жыйын болгон. Бирок ишкана айлык акы буюртма берген тараптан төлөнбөй жатканын билдирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Түндүк Курил шаарынын вице-мэри Александр Овсянниковдон бул маселенин эртерээк, калыс чечилишине көмөктөшүүнү суранган. Мындан тышкары, Сахалин облусундагы консулдук да кыргызстандык курулушчулар айлык акысын алышы үчүн чара көрүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча Орусиянын булуң-бурчтарында иштеген кыргызстандыктар 650 миңден ашат. Расмий эмес маалыматтарда бул көрсөткүчтөр алда канча көп экени айтылып жүрөт.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: