Menu

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу: Атамбаев менен Жээнбековдун жолу эми эки башка

Бөлүшүү:

Сапар Исаков жакынкы күндөрдө мурдагы жана учурдагы президенттердин ортосундагы достук мамиленин табы нөл градуска ылдыйлап калганы тууралуу коомчулукка тараган имиш кептерди төгүнгө чыгаргандай болду. Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жэзнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси жакын арада кайра баштагы калыбына келээрине ишенет экен.

Ал эми мен “саясатта достукка орун жок” деп эсептейм, ага карабай жеке мамилени саясатка ташып келе турган болсо, бул коррупциянын автоматтык түрдө пайда болушун шарттайт. Биз сөз кылып жаткан кырдаалда да алардын биримдиги – кайчы пикирди карманганында. Алардын саясатка, Кыргызстандын жалпы өнүгүшүнө көз караштары башкача, бири-бирине дал келбейт. Гегелдин үчүнчү диалектика мыйзамы кайчы келишүүнү эч ким жокко чыгарган эмес. Бул учурдагы жана мурдагы президенттердин коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө карата көз караштарында так чагылдырылат. Бул дагы, тиги дагы – өлкөнү ылдый тарта турган начар адатка каршы күрөш жарыялагандар. Эгер Алмазбек Шаршенович бул жаатта, негизинен жазалоо ыкмаларын колдонсо, Сооронбай Жээнбеков болсо тутумдуулукка умтулууда.

Ошондуктан, саясатчылар ортосундагы достук тууралуу айтуунун (жалпы адамзаттык түшүнүктөгү) кереги жок, болбосо ал алардын пайдалуу аракеттер коэффициентин (КПД) түздөн түз ылдыйлатат, бул мамлекеттик ишмерлердин сапатынын начарлашына барабар. Демек, плюс менен минус бири бирине карама каршы туруп, ошол эле убакта бирдиктүү магниттик талааны түзүшкөндөй эле, эки саясатчынын кайчы көз караштары саясатта жакшы жышаана.

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: