Menu

Алманбет Шыкмаматов: “Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Максим Бакиев Кытай менен 150 млн долларга келишим түзүп келсе кийинки бийлик 386 млн долларга чыгарып жиберип жатпайбы”

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын бүгүнкү тышкы карызы 4,5 млн доллар, анын ичинен 2 млн доллар Кытай мамлекетинин Эксимбанкынан алынган карыз. Ал Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна, Ош-Сарыташ-Эркечтам жолуна, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна жана Бишкек ТЭЦине алынган кредиттер… Бул эми аргасыздан алынган кредиттер болгон, бирок бүгүн ТЭЦтен 100 млн доллар акча уурдалып кеткени белгилүү болуп олтурат. Муну адвокаттар да, Дастан Далабаевич, тана албайсыңар!”- деп билдирди атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов 16-майда парламентте Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык уурдап-тоноолорду талкуулоо учурунда.

“2009-жылы Максим Бакиев баштаган делегация Кытайга барган. Ошондо Сапар Жумакадырович ЦАРИИнин кызматкери катары сиз да баргансыз. Ошондо эле Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча 150 миллион долларга сүйлөшүү жүргөн. Кемин-Датка ЛЭПти тартуу, подстанцияны куруу ошондо эле башталган. Ошондо биз ууру деп аткан, коррупционер, кыргызга кыянаттык кылган деген Максим барып 150 млн долларга келишим түзүп келет дагы кийинки бийлик аны 386 млн долларга чыгарып жиберип жатпайбызбы? “- деди Шыкмаматов.

“Эң биринчи ТЭЦти модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү ошол кездеги министр Автандил Калмаматов жүргүзө баштаган. Ал киши Кытай мамлекеттик СМЕК компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Анткени СМЕК адистешүүсү боюнча энергия куруучу, ТЭЦтерди, ГЭСтерди курат. Андан кийин кайдан жайдан эле ТВЕА чыга калат. Ал компаниянын биринчи атын атаган киши Салайдин Авазаов болгон. Ал Авазов катты министрге эмес, вице-премьерге эмес, премьер-министрге эмес,  премьер-министрди дайындаган парламентке эмес, түз эле президенттик администрациянын тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго жазып жатат. Конституция боюнча, мыйзамдар боюнча президенттик администрациянын тышкы иштер бөлүмүнүн ТЭЦти модернизациялоого , чарбалык иштер боюнча кыпындай да компетенциясы жок. Сапар Исаков ал катты алып президент Атамбаевге жөнөтүп жатат. Эки-үч компания бар бирок ушул ТВЕАдан өтөрү жок деп, ушул бир көрсөтмө берип коюңуз деп. Президент Атамбаев ал катты премьер-министрге эмес, парламентке эмес, түз эле 3 министрге “карагыла!” деп жөнөтүп жатат. “Карагыла!” деген бул “Аткаргыла!” деген сөз. Ошол каттын негизинде министрлер жыйын өткөрүп, эч ким кыңк дебеш үчүн президент Атамбаевдин атын атап, ТВЕАга токтололу деп чечим чыгарып жатышат. 386 миллион долларга токтолуп жатышат”, – деди Шыкмаматов.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: