Menu

Түркмөнстан: ажатканада «президенттин сүрөтү бар гезиттерди колдонгондор» изделүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Гумдаг шаарчасында участкалык тескөөчүлөр ажатканаларда даарат кагаздын ордуна президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү бар гезиттерди колдонгон адамдарды издей башташты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы бир катар жергиликтүү ММКларга шилтеме кылып жазды.

Тескөөчүлөр жеке үйлөрдүн дааратканаларын кыдырып, президенттин сүрөтү бар гезит табылган учурда үй ээлерине эскертүү беришүүдө.

Мындан тышкары президенттин булганган сүрөттөрү калктуу кварталдардагы турмуш-тиричилик таштандыларынын арасынан дагы изделүүдө. Аны ыргыткандар гезиттеги жазылуучунун дареги аркылуу табылып, тиешелүү органдарга кабарланууда.

Мартта «Азаттыктын» түркмөн кызматы Дашөгүз облусунда ажатканасынан президенттин сүрөтү бар гезиттер табылган мектептин директору кызматтан алынганын кабарлаган. Кийин жергиликтүү бийлик анын иштен «милдеттерин аткара албагандыгы үчүн» кеткенин билдирген. Бул окуядан кийин коопсуздук кызматтын өкүлдөрү эскертүүсүз бюджетте иштегендердин үйлөрүнө барып, алардын ажатканаларын текшере башташкан. «Азаттыктын» Дашөгүз облусундагы өз булактары кабарлашкандай, аймакта андан бери «кеминде 10 мамлекеттик кызматкер» дааратканада гезит колдонгондугу үчүн деп жумуштан алынган.

Облустун чиновниктери бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөттөрү бар маалыматтар Түркмөнстандагы басылмалардын көбүнө байма-бай чыгып турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: