Menu

Видео – Юлия Скрипаль Орусияга кайтып барууну каалай турганын айтты

Бөлүшүү:

Юлия Скрипаль «узак мөөнөттүү келечекте» Орусияга кайтып барууну каалай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Reuters агенттиги таркаткан видеокайрылуусунда айтты.

Бул анын атасы экөө марттын башында Британиянын Солсбери шаарында катуу ууланып оорукана жаткандан кийинки алгачкы билдирүүсү.

Юлия катуу таасир этүүчү зат менен уулангандан кийинки өзүнө келүү процесси «өтө узакка» созулуп жатканын билдирди. Ал атасы экөөнүн айыга баштаганын «чоң ийгилик» деп атады. Ошондой эле Юлия Скрипаль атасы экөөнүн атынан эч ким билдирүү жасабаганын айтып, жардам сурап Орусия элчилигине кайрылууну каалабай турганын белгиледи.

Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Экөө тең бир канча убакыт комада жатып, жакында эле ооруканадан чыгышкан. Учурда Сергей жана Юлия Скрипалдын кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Британ бийлиги Скрипалдар советтик окумуштуулар өндүргөн, нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылган деген жыйынтыкка келген. Британия уу Орусияда өндүрүлгөн деп эсептейт. Расмий Москва болсо андай маалыматтарды четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: