Menu

Нариман Түлеевди кимдир бирөө түйүлтө коркутканбы?..

Бөлүшүү:

Жаздын келиши көп эле саясатчыларга таасирин тийгизип, эски «илдеттери» козголуп, элирип кетмейлер да болду окшойт. Маселен, өткөн айда Нариман Тулеев маалымат каражаттарына чыгып, Алмазбек Атамбаевди шылдыңдаганга аракет жасаган. «Мага Атамбаев киши салып, биригүүгө аракет жасады, бирок кеч болуп калганын айттым деген маанайда божурап. Көп өтпөй КСДП Тулеевдин түрмөдөн Атамбаевге жалдырап жазган катын чыгарып, коомчулукка дүң кылды. Каарманыбыз болсо Фейсбуктан актанууга аракет жасамыш этти. Бирок, конкреттүү жооп кыла алган жок. Айрым маалыматтар боюнча, «сага киши салган момундай болот» деп, кимдир бирөө Тулеевди түйүлтө коркутканы тар чөйрөдө кеп болууда. Ал ким болду экен? Эми Наримандын эрдиги болсо, суроолорубузду жолдойлу, гезит аркылуу жооп бере алабы?..

Кубат Карачев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: