Menu

Жусупбек Шариповдун кайниси Аргынбек Малабаев кызмат күтүүдө

Бөлүшүү:

-Аргын мырза, суроомду кайпактатпастан түз эле жолдоюн, сиз бийликтеги бир тууган аке-үкө Жээнбековдор менен кан кудасызбы? Кимиси менен кандайча жакынсыз?

– Менин бир тууган Жээнбековдор менен эч кандай деле кан кудачылыгыбыз жок. Болгону элчи Жусупбек Шариповдун өмүрлүк жолдошу биздин уруунун кызы болот. Тагыраагы, Жусупбек Шарипов менин жездем болот болгону…

– «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин ишмердүүлүгү парламенттин трибунасына чейин талданганга жетти. «Эски жайытыңыз» болгон тармактагы абал боюнча оюңуз кандай?

– Алмазбек Ногойбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу депутат Жанар Акаевдин көтөргөн маселесинен улам уккам. Негизинен эл өкүлүнүн кээ бир айтылган көйгөйлүү сын-пикирлерине кошулам. Ал эми «Кыргыз темир жолу» ишканасынын азыркы абалын билбейт экенмин.

– Дагы деле КСДПнын мүчөсүсүзбү? Бийликке, өзгөчө күч органдарына өңчөй чүйлүк кадрлардын тартылышына оюңуз кандай? Жаңы бийликке кылчайып, иштешүү оюңузда барбы?

– Мен дагы деле КСДПнын мүчөсүмүн. Бирок, мени партиянын саясый кеңешинен чыгарышкан. Ал эми күч органдарына чүйлүкпү же башка жактыкпы, айтор, кимиси болсо да таза адамдар келиш керек. Кызмат маселеси боюнча чакырып, мени тартышса барып иштешебиз.

– Чүйлүк агаңыз Тургунбек Кулмурзаев Атамбаев Чүй элин ордунан козгочу болсо жердештери ага каршы чыга турганын, башкача маанайда сүйлөшүшөрүн жар салды. Мындай көрүнүшкө сиздин оюңуз кандай?

– Иним, мен саясаттан өтө алыс адаммын. Эгерде Тургунбек Кулмурзаев аксакал андай ой айтса, анда тынчтык, ынтымак тууралуу кеп кылса керек.

Калыгул Бейшекеев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: