Menu

Ирандын руханий лидери өзөктүк келишим боюнча ЕБге ультиматум койду

Бөлүшүү:

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи өзөктүк келишим боюнча Европага ультиматум койду.

Руханий лидердин сайтында европалык банктар Иран менен кызматташуусун улантып, Европа биримдиги иран мунайынын сатылышын кепилдеши керек деген талап жазылган. Андан тышкары Аятолла Али Хаменеи ЕБ өлкөлөрүнөн сүйлөшүүлөр маалында Ирандын ракеталык программасын козгобоону талап кылган. «Европалыктар биздин талаптарды аткарууга шашпаса, анда Иран өзөктүк активдүүлүгүн кайра баштоо укугун колдонушу мүмкүн», — деп белгилеген Хаменеи.

8-майда АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыга турганын жарыялаган. Көп өтпөй Вашингтон Тегеранга карата киргизилген санкцияларын кеңейткен. ЕБ өлкөлөрү, Орусия жана Кытай Трамптын бул чечимин сындап, келишимдин шарттарын аткара тургандыктарын билдиришкен.

Өзөктүк келишимге 2015-жылы АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия жана Иран кол койгон. Ага ылайык, иран бийлиги өзөктүк программасын токтотуп, АКШ менен Евробиримдик Тегеранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларын жойгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: