Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Бийлик коррупция менен чындап күрөшсө, КСДП жетекчилеринин 90% камалып, уурдагандарын кусуп, казынага төлөп берет”

Бөлүшүү:

-Эки дос, Соке менен АША тирешип, саясат кызуу болуп жатканда АКШда эс алып жүрдүңүз. Саясатта пайда жок деген үмүт менен биротоло бизнеске кетейин дедиңизби?

-Андай деле эмес, мурун эле пландаштырып койгон саякатыбыз бар болчу, бу турмушта саясаттан башка да кызык нерселер көп да. Анын үстүнө акыркы жылдарда кызык окуялар болуп жатат (күлүп). Сен өзүң калп айттырбасаң керек, биз 2010-жылдан бери жаңы бийликти тынбай, системдүү түрдө сындап, булардын айткандарынын баары декларативдүү түрдө гана айтылган куру сөз, аткарылбай турган  калптар экенин, жасагандарынын баары бийликти басып алуу үчүн гана  жасаган кара мүртөздүк экенин, кыргызга жакшылык кылбаган ичи пустой, потенциалы жок, байлык менен бийликтен башканы ойлобогон топ гана экенин айтып келдик. Ошондо бизге атырылып буларды, Атамбаевди жана анын досторун коргогондор эми баарын унутуп, биздин алдыбызга түшүп, бизден озуп Атамбаевди жана анын досторун сындап киришкенде биз ыңгайсыз болуп, бир аз тыныгуу алууну чечтик.

Анан саякатка чыгып кеттик, АКШнын көп жерлерин кыдырып көрүп чыктык, ал жактагы туугандар менен учурашып кайттык. Ал эми Кыргызстандагы саясатты , силер айткан тирешүүнү интернеттен байкап, көз салып турдук.

– АША-Соке тиреши коомчулук көзүнө көрсөтүш үчүн атайын спектакль эмеспи?

– Жок, мен андай деп ойлобойм, тирешүү ачык эле фазага өтпөдүбү. Бул жерде азыр дүйнөгө болгон эки көз караштын тиреши жүрүп жатат. Атамбаев менен Жээнбеков экөөсү тең КСДПнын мүчөлөрү болгону менен чындыгында булар эч качан социал-демократтар болушкан эмес. КСДП буларга саясат үчүн гана формалдуу түрдөгү платформа катары керек болгон. Анткени биздин конституцияга ылайык кайсы бир белгилүү идеологияга негизделген партияң болбосо азыр президент болуш кыйын болуп калды. Ошондуктан Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык  партиясын негиздеген Абдыганы Эркебаев, Тойгонбай Калматов, Амангелди Муралиевдерди жана башкалардын баарын КСДПдан кууп чыгып, партияны кандай басып алса кийин бийликти да ошентип басып алды. Бийликти алууда социал-демократиялык идеология кыпындай да роль ойногон жок. Орто кылымдардагы регионалдык-трайбалисттик идеология роль ойноду. Ушуга байланыштуу орустардын “какой народ такой правитель” деген сөзү бар. Атамбаев өтө эле примитивдүү ой жүгүрткөн инсан экенин маалымат каражаттарына чыккан маалыматтардан эле байкасаңар болот. Бир кезде ал ыраматылык Мелис Эшимкановго “Мелис, мен жашымда келатсам алдымдан бир ай сыяктуу жаркырап күйгөн шар чыгып, оң желкеме конуп, башыма, сол желкеме өтүп анан учуп кеткен, бул жогор жактын белгиси, мен падыша болом” деп айтканы жазылган. Ал өзүн мессия – куткаруучу же асмандан белги түшкөн киши катары сезет.

Кийин Атамбаевдин Феликс Куловго “Миң адам өлсө да бийликти тартып алам” дегенин бир нече жолу жарыялашты.

2011-жылы таза эмес президенттик шайлоодон кийин Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү “шеф эми жакшы иштеп, мамлекетти оңдойлу” десе, Атамбаев “мен 20 жыл Акаев жана Бакиев менен күрөштүм, чарчадым, эми эс алам, иштебейм” дегени ачыкка чыккан.

Ушундай эле примитивдер менен ал киши 6 жыл президенттик мөөнөтүн өткөрүп жиберди. Өлкөнү карызга жана коррупцияга батырды. Сөз эркиндигин жана адам укугун чектеди. Бирок мунун баарын ал өзү көрбөйт жана билбейт. Анын көз карашы боюнча анын президент болушу эле любой өлкөнү гүлдөп-өсүүгө алып келет.

Акырында бийликти кармап калгысы келип, эң жоош, эң конфликтсиз досуна бийликти алып берип өзү көшөгө артында кайрадан эле башкара берем деп ойлоду. Анткени ал өзүн мессия – куткаруучу же асмандан белги түшкөн киши катары сезет. Анын өзүнө окшогон көз караштагы ээрчигендери бар.  Атамбаев дүйнөгө мына ушундай көз менен карайт.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков ислам динин бекем туткан, ошондуктан кандайдыр бир сырдуу күчтөргө ишенбеген адекваттуу киши. Албетте ал анын президент болуп калышына досунун салымы бар экенин билет. Бирок, ал досунун көлөкөсүндөгү ээрчиме саясатчы болгусу келбейт. Өз алдынча, көз карандысыз саясат жүргүзгөн президент болгусу келет. Сокенин арты таза болгондуктан ал азыр коррупция менен да эч нерседен коркпой күрөшө алат. “Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт” дегендей Бишкек ТЭЦинен 150 миллион долларга чейин акчаны уурдап жеген атамбаевчилер ал айыпты Сокеге артып салабыз деп өздөрү ага жол ачып беришти, эми Соке менин оюмча Бишкек ТЭЦиндеги коррупциянын бетин толук ачып берет. Жакында Кытайга баратканы да жөн эмес, Кытай жетекчилери менен тил тапса ТВЕАны жакшылап “ийлетсе” бүт чындык ачыкка чыгат, алар биздин бийликке канча акчаны каякка котортуп алганын бүт айтып берет. Ушундай эле “Датка-Кемин” , Түштүк-Түндүк альтернативдүү жолу, Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо сыяктуу көптөгөн долбоорлордогу уурдап-тоноолорду ачыкка чыгарып алса болот. Ошондо 2010-жылы банкрот болуп олтурган бизнесмендер кантип 7 жылда мультимиллионер болуп кеткени дароо билинип калмак.

Сокенин ниети таза. Ал тарыхта жакшы ат менен калган президент болгусу келет. Бирок күчтүү командасы жок. Ал эми аны канткенде чаап салсам деп эки көзү төрт болуп турган атамбаевчилерде чон каржылык ресурстар жана күчтүү шылуундар командасы бар. Орто кылымдарга таандык трайбалисттик-регионалдык идеологиясы бар. Бул өтө коркучтуу жагдай. Алар азыр ыңгайлуу учурду күтүп бугуп жатышат. Күздөбү же жаздабы ыңгайы келсе кол салып төңкөрүп салабыз деп.

КСДПнын кайрылуусунда С. Исаков, К. Кулматовдорго карата саясий куугунтук болуп жатат деп белгиледи. Бул айласы жоктун белгиси болдубу?

– Саясый куугунтук болушу үчүн саясый идеологиялардын күрөшү болуш керек. Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов кайсы идеологиянын негизинде ким менен күрөштү? Мисалы, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Толубаев, Максат Кунакунов, Марат Султанов, Эрнес Карыбековдор Атамбаевдик режимге каршы чыгып, Атамбаев бийликти узурпациялап алды деп ага каршы элди митингге чакырышканы үчүн Атамбаев аларды саясый куугунтукка алып камап салды.  Мына ушуну саясый куугунтук десе болот. Ал эми Сапар Исаков менен Кубаныч Кулматов кимге каршы чыгышты? Эмне Жээнбековго каршы элди митингге чакырыштыбы? Тескерисинче Жээнбеков алардын миллиондогон уурулугун мойнуна коюп жатат. Анан ушул ууруларды жактаган трайбалисттер-регионалисттер бар экенине таң каласын…

КСДП депутаттары заматта шефин сатып кетти, бул партия “Ак жолдон” да начар кейипке келдиби?

-КСДП партиясын мен жогоруда айткандай Атамбаев башка бир негиздөөчүлөрдөн тартып алганын Абдыганы Эркебаев, Тойгонбай Калматов, Амангелди Муралиев жана башкалар ачык эле айтып же жазып жүрүшөт. КСДП бул бир адамдын партиясы – Атамбаевдики, анын аты социал-демократиялык деп аталганы менен жүргүзгөн идеологиясынын социал-демократияга такыр тиешеси жок. Атамбаев бийликтен кетери менен партия да ыдырай баштады. Мындан ары да партия күн өткөн сайын чачырай берет, акырында Атамбаев айлык берип иштеткен гана адамдар калат. Бийлик коррупция менен чындап күрөшсө КСДПнын кыйынчыкмаларынын 90% камалып, уурдагандарын кусуп, казынага төлөп берет.

Сиз Максимди жакшы эле таанып калбадыныз беле. С. Исаковдун Максимдин кол алдында иштеп жүргөн учурундагы абалын көрүп калсаңыз керек. Өзгөрүлдүбү, финансы жагынан?

– Мен айтпай эле, кечээ, 16-майда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Алманбет Шыкмаматовдун айтканын мисалга тартайын. Шыкмаматов минтип айтты: “2009-жылы Максим Бакиев  Кытайга делегация менен барган, анын ичинде Сапар Исаков да бар эле, ошондо Максим Бакиев Кытай бийлиги менен сүйлөшүп, Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 150 млн долларга келишим түзүп келсе, кийинки бийлик 386 млн долларга чыгарып жиберип жатпайбы!” деп. Муну менен депутат Шыкмаматов Сапар Исаков менен Атамбаев Максим Бакиевге караганда ким экенин ачып көрсөтүп жатат. Же болбосо депутат Каныбек Иманалиев “Күмтөрдөгү мөңгүлөрдү талкалоого канадалыктарга Бакиевдер да уруксат бербеген болчу, ал эми Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда мөңгүлөрдү талкалоого канадалыктарга уруксат берди, азыр талкалап жатышат” деп бетине айтты. Ал эми Сапар Исаковду премьер-министрликке Алмаз Атамбаев алып келгенин жана куурчак сыяктуу башкарганын силер баарыңар билесиңер. Ошондо Бакиевдин эң көп сынчылары атамекенчи депутаттар Сапар Исаков менен Атамбаевди Бакиевдерге салыштырып өз бааларын берип жатышат. Мен баа бербей эле койоюн. Бул салыштыруу Бакиевдерди мактоо үчүн эмес, алардан кийин, 2010-жылы келген келген бийлик кыргыз үчүн кандай коркунучтуу экенин аңдап билүү үчүн  пайдалуу. Айрым бир катмар трайбалисттик-регионалдык деңгээлден көтөрүлүп, көзү ачылыш керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: