Menu

Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековду кантип сатты же “аташкасына” ашыкча эркелеген “балашка”

Бөлүшүү:

Ачыгын айтканда ушу тапта коомчулукту азыркы президент менен мурунку президенттин учурдагы, мамилеси абдан кызыктырып турат. Анткени, жалпыга маалым болгондой экс-президент адаттагыдай жаңы президентке «таарына» баштады. Ал эми бул таарынычка негизги себепкер ким болгондугун билесиңерби? Ал жаштыгына карабай, амбициясы ашып-ташыган, премьерлик кызматты майда көрүп, президенттик тактыга отургусу келген «сары бала» кадимки Сапар Исаков. Ырас, Кырк кадам таштамакчы болуп жаткан Исаков төрт кадам таштай элек жатып, интригага, болгондо да бири мурдакы, бири учурдагы президенттерди чабыштырган оюнга аралашып атып акыры кызматтан да кетти. Мындай ойду айтып жатканыбыздын маани-маңызына келели.

Айрымдар, Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковду сатып кетти, бир кезде Жээнбековду Исаков колдоду эле деген сыяктуу пикирлерди айтып атышпайбы. Бул таптакыр туура эмес. Биринчиден, Сапар Исаков эч качан Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөткөн эмес. Экинчиден, Жээнбеков деген эл шайлаган президент турса да Исаков үчүн мөөнөтү эбак бүткөн Атамбаев президент бойдон кала берген. Билген кишиге ириген интриганын башаты так ушул жерден чыккан.

Сапар Исаков элибизде айтылган «Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт» деген образга абдан берилип кетти. Өзгөчө «атасы» Алмазбек Атамбаевге учурдагы президент туурасында ар кайсыны шыбырап, «ата-кесин» жаңы президенттин ишине, саясатына тескери үгүттөп, экөөнүн мамилесинин солгундашына абдан жакшы эле салым кошту. Өкмөт башчы катары эл шайлаган Президентти колдоп, жөлөк-таяк болуп, мурдагы жана азыркы Президентти бириктирүү миссиясын аткаруунун ордуна улам-улам Атамбаевге чуркап, ажону жамандап, жараны ырбатып, жараканы кеңейтти.

Бүгүнкү күндө болуп жаткан Атамбаев-Жээнбеков мамилесинин коомчулук алдында сууп турушуна сапар Исаков болушунча аракет жасады. Балким, Сапар Исаков Атамбаевдин ачуусу келсе Жээнбековду тез эле бийликтен кууп түшүп, анын ордуна Исаковду президент кылып коюу «Аташканын» колунан оңой эле келет деген делөөрүүгө алдырып койгондур. Исаковдун катачылыгы мына ушул жерде болду. Анткени, Кыргызстандын эли эч качан бир кишинин айдоо-байлоосунда калууну жактырбаган, мындай стереотипти талкалаган, авторитаризм менен диктатураны маңдайга матай койгон эл.

Чагымчыл аракеттер муну менен эле бүтүп калбады да. Сапар Исаков жаңы шайланган Президентти тааныгысы келбей, баардык иштерди мурдагы президент менен кеңешип-кесип, өзү чечкиси келе баштады. Анысы аз келгенсип, коомчулукка дүрбөлөң салган, далай былыктардын башы кылтыйган Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык иштерди жана анын натыйжасындагы аварияны Сооронбай Жээнбековго оодаргысы келген «балашка» менен «аташкасына» баракелде!

Мына ушул өңдүү көмүскө соккулардын катарын «аташканын» да аракеттери коштоого алды. Жаңы президенттин кадамдарына карата Атамбаев-СДПКнын съездинен оозуна ак ит кирип, кара ит чыкканына баарыбыз күбө болдук. Ачыгын айтыш керек, ошол съезде Атамбаев тарабынан Жээнбековго карата ашкере адилетсиз айыптоолор, түз жерден күйгүзүү кадамы жасалды.

Ооба, сабырдуулук баарын женет, убакыт баарын дарылайт. Анын сыңары президент Сооронбай Жээнбеков бир эсе экс-президентти сыйлап, экинчиден сабырдуулукка баш буруп «аташка-балашканын» мындай туура эмес «кыймылдарына» чыдап, унчукпай олтурду. Бирок, акыркы окуяларда ташка да тил бүтүрүп жибере турган кырдаалдар жаралбадыбы. Ошондо дагы жарым жылда барып анан Сооронбай Жээнбеков өз оюн ачык айтып, агынан жарылды. Ага чейин чыдады, сыйлады, сабыр тутту, унчукпай отурду. Эл муну көрүп, кимдин-ким экенин билип, тиешелүү натыйжаларды өз убагында чыгарып да турушкан. Андыктан калыстык жана адилеттик таразасына салып Сооронбай Жээнбековду колдоого алышты.

Ырас, тирешкен кырдаалдарда эки тарап болот. Бири акыйкатты туу тутса, экинчиси атаандашын жаманаттылоо, каралоо менен өзүн тазалоо жолун тандагандар. Ошол өңүттөн алганда бул кырдаалда ким акыйкат да ким чыккынчы жана саткын?

Президенттик такка жаңыдан олтурган адамдын ишине кийлигишип, жолуна бөгөт болуп, алсыратуу аракетин көргөн топтуку туурабы, же мындай аракеттерге чыдап отуруп, акыры жарылып, тиешелүү жооп кылган Президенттики туурабы?

Президент Жээнбеков ага карата асылгандарга эң жакшы жооп узатты «Иштегиңер келбейби, кызматтан кеткиле» деген. Акыйкатында так ушул принцип эң туура да?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: