“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган”,- деп айтылуу демократ акын Токтогул Сатылганов ырдагандай, көр турмуштун азабынан кыргыздар жүрбөгөн жер, жасабаган жумуш жок. Баарынан да ошол жанын тиштеп, көрбөгөн азапты баштан өткөрүп иштеген акысын ала албаган мигрант мекендештерибиз да толтура. 19-майда Орусиянын Түндүк Курил шаарында курулушта иштеген кыргызстандыктар иш ташташты. Буга алардын айлык акысын бир нече ай бою албаганы себеп болгон. Тышкы иштер министрлиги бул ирет адаттагыдай кайдыгер карабай, маселе боюнча Түндүк Курил шаарынын жетекчилиги менен байланышып, иш алып барууда. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык курулушчулардын айлык акы маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Бул ишти жөнгө салууга мэрия, жергиликтүү депутаттар, полиция, прокуратуранын жана иш берүүчү “СПИРО” компаниясынын өкүлдөрү катышкан атайын жыйын болгон. Бирок ишкана айлык акы буюртма берген тараптан төлөнбөй жатканын билдирген.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Түндүк Курил шаарынын вице-мэри Александр Овсянниковдон бул маселенин эртерээк, калыс чечилишине көмөктөшүүнү суранган. Мындан тышкары, Сахалин облусундагы консулдук да кыргызстандык курулушчулар айлык акысын алышы үчүн чара көрүп жатат. Эми биздин Тышкы иштер министрлигибиз баштаган ишти таштап койбой, аягына чыгарып берсе жана мекендештерибиздин маянасын өндүрсө, анда алардын Кыргызстанда зарыга күтүп жаткан үй-бүлөлөрүнүн гана үмүтүн актабай, мамлекетибиздин да капчыгына салым кошулат эле.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ