Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич “Улуттук энергохолдинг компаниясы” ААКнын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралу Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Азамат Абдыкадыров 55 жашта, буга чейин “Электр станциялары” ААКда бөлүм башчылык кызматты аркалаган. Токтогул ГЭСин реконструкциялоого катышкан. Бир нече энергетикалык долбоорлорду жетектеген.
Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору боюнча коррупцияга шектелип, 17-апрелде камакка алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ