Menu

Узар Жылкыбаев Ысык-Көлдө кландык бийлик орнотуп алганбы?

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө Жылкыбаевдин кландык башкаруу бийлигине балта чаап, коррупцияга бөгөт койбосо болбойт. Жергиликтүү тургундар нааразы. Ысык-Көл өнүктүруү фондуна дос-тууганын, катыштарын, жердештерин алып келип, биргелешкен коррупциялык системаны түзүп алышканы боюнча уу-дуу кеп жүрүүдө. Албетте анын мындай кадамдары жаңы бийликтин аброюна шек келтирбей койбойт. Аталган фонддун директору кылып Бостерилик жердеши, география мугалими Алмаз Осмонов (иштин көзүн билбеген бул жигит, келээри менен тогуз кызматкерди мыйзамсыз иштен кетирип жиберген), ал эми директордун орунбасары ЖК депутаты Данияр Аттокуровдун жердеши, тарых мугалими Актан Мамбеткулов. Бул эмне деген шумдук ыя? География менен тарых мугалимдери Өнүктүрүү фондуна кандай тиешелери бар? Кесипкөй адистер жокпу эмне? Ысык-Көл өнүктүрүү фонду областагы курулуш иштери менен алектенишет да. Ошол себептүү аталган фондго өз ишин билген кесипкөй адис келиши керек, ошондо гана иш жүрөт. Бул экөө эле эмес, фонддун ичиндеги ар кандай кызматтарга жалаң өң тааныштарын дайындап, Жылкыбаевдин кландык бийлиги өкүм сүрүүдө. Узарбек Жылкыбаев өзү да иштин көзүн билбеген, жай кыймылдаган, көрүнүктүү иш жасай албаган, кыбыр жетекчи катары калыптанып калды.

Элетти өнүктүрүү жылында Узарбек Жылкыбаевге окшогон кадрлар менен элетти тургай эч нерсени өнүктүрө албайбыз. Ысык-Көл областына татыктуу кадрды алып барышпаса, Жылкыбаев менен иш жылбайт. Учурда бул жигит иштебей эле Жогорку Кеңешти айланчыктап, спикер Дастан Жумабековдун эшигин сагаалап жүргөнүн эшиттик. Эмнеге? Ордун сактап калыш үчүнбү? Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 12 млн сомду жалмап койгонун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аныктап чыгыптыр. Бул эмне коррупция эмеспи? Аталган фонд Жылкыбаевсиз бир дагы ишти жылдырбасы бештен белгилүү эмеспи. Фонд менен иштешкен курулуш компаниялар да абдан нааразы экендиктерин билдирип жатышат. Кайдан болсо ошол жактан болсун, эң негизгиси өз ишин билген кесипкөй адисти директор кылып беришсе деген ойлорун айтышууда. Билимсиз, жердешчил, коррупционер жетекчилер менен Кыргызстан өнүкпөйт…

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: