Menu

Тез арада 13-палатаны уюштурбасак болбойт

Бөлүшүү:

Адам фактору эң башкы орунда деген “урааныбыздан” кайтпашыбыз керек деген ниетте болсок анда чукул арада 13-палатаны ишке киргизишибиз кажет. Анткени мурда үлкөн бийлик бутактарында “ак дилден” кызматын кылгандардын жүрөк согуусу ылдам чекке жетип, кан басымы көтөрүлүп, башы айлан-көчөк болуп, табити тамакка тартпай акыбалы жаман болгон кези. Ошондуктан мурда төрдө компоюп отуруп улуу тостторду кыраатына келтире сүйлөгөн, акчаны желдей сапыра үйлөгөн, элине түк күйбөгөн, таптакыр жөө жүрбөгөн, сын айткандарды сүйбөгөн атка минерлерди тумшуктууга чокутпай сактап калуубуз абзел. Кандай болгон күндө да булар калкка “таптаза” кызматын өтөшүп, өз көмөчүнө кантип күл тартуу керектигин өзгөлөргө куп үйрөтүштү. Алардын таалим-тарбиясына сугарылган жаш кадрлар өлкөнүн “келечеги” болордо ишенген төбөлдөрдүн “жаман жерден” этеги жыртылды. Ал тургай тагдырына коркунуч туулуп айрымдары камалды. Окуя минтип өзгөргөнүнө биз кайдыгер болбошубуз зарыл.

Демек, кыска мөөнөттө мезгил талабына ылайык 13-палатаны уюштурууну бийликтен сурайбыз, керек болсо талап кылабыз. Бишкектин чок ортосундагы улуттук эмканадан жүз киши сыярлык жайды табууну медицинанын лөктөрүнө табыштоо кажет. Бардык заманбап аппараттар менен камсыздалбаса капыстан жатчуларга ыңгайсыздык жаралат. “Кызыл китепке” кирген баалуу кадрларды көздүн карегиндей карабасак кечирилгис күнөөгө тушугабыз. Анткени булардын иш-тажрыйбаларын кезеги келгенде жайылтуу зарылчылыгы сөзсүз келип чыгат. Акчаны майдалап эмес оптом сугунганды кулкуну аркылуу өздөштүргөндөр албетте “жаш мамлекетке” керек болору шексиз.

Эгерде мындай “эптүүлөргө” шарт түзүп бербесек Аскарбек Шадиевге окшоп качып кетишет. Байларды чет өлкөлүктөр деле кубанычтуу түрдө кош колдоп тосуп алышат. Каерде болсо дагын каражаты калыңдар катуу бааланарын билип эле калбадыкпы? Максимдин байлыгы болбогондо Лондондо бир саат да кармашмак эмес. Байлар эч качан талаада калбайт экен. Айтор, ойлонуп чечер маселенин туу башында ушул көйгөйлүү жагдай турат. Башын тегерете иштетип кыргызстандан тапкан байлыгын шылуундар чет тарапка алып чыгып кетпеши үчүн журт башчылары камкордук көрүшү зарыл деп эсептейбиз. Болбосо Өмүрбек Бабановдун жолоюна түшүп, жашылбайларын каалаган жагына жайгаштырып алып жыргализмге батып кара жоргону бийлеп дооранын сүрө беришет. Же андай эмеспи, бурадарлар?

А балким Ысык-Көлдөгү ак кемени палатага ылайыкташтырып, “берекелүү” каармандарыбызды аздектеп баксак кантет? Калтасында акчасы толо болгондорду ошентип ардактап, даңктап багып алсак өзүбүзгө эле пайдалуу болмок. Алардын токсон пайызы биринчиден сууда сүзгөндү билбейт, калгандары болсо суу жүрөк. Эмнеси болсо да төрт тарабы толкуган суу болгон соң эч жакка качууну ойлонушпайт. Болгону убагында дарысын берип, ийнесин сайып, тамагын майлап туруу талап кылынат. Улам аң-сезими оң тарапка ойгонгондордон өз каалоосу менен тил кат жаздырып алып, ашыкча байлыктарын, кыймылсыз мүлктөрүн мамлекетке өндүрө берүү керек. Мындай учурда чоң утушка ээ болобуз. Оболу каармандар түгөл болот, андан соң кытайлардын карызынан кутулууга өбөлгө түзүлөт. Жумушчу орундардын ачылышынан улам медиктер, ашпозчулар, нотариусттар, жер шыпыргычтар, массажисттер оокатын кылууга жагдай табылат.

Ток этерин айтканда ушундай сонун идея пайда болду. Бул деген замандын өктөм талабынан жаралды дегенге негиз бар. Дагы кимде башка канаттуу идеялар пайда болсо биздин гезиттин дарегине өз кыялдарыңарды жазып жибергиле. Себеби, баарыбыздын тилегенибиз кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү, очойгон карыздан оолактатуу, жарык мамлекетте жашоо экени талашсыз. Демек, ишке ашырчу айкын долбоорлорду дайыма ортого салып турууга ар бирибиз милдеттүүбүз. Жапа тырмак киришпесек олуттуу ишибизден майнап чыкпайт.

Ж. Түзайтар

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: