Аскар Эшимбеков “Электр станциялары” ААКнын гендиректору болуп дайындалды. Бул тууралу бүгүн, 29-майда компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Аскар Эшимбеков 56 жашта. 1985-жылы Фрунзедеги Политехникалык институттун Электр станциялары, түйүндөрү жана системалары адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон. 33 жылдан бери энергетика системасында иштейт.
Алгачкы эмгек жолун Ош ЖЭБинде электрослесар болуп баштап, Түндүкэлектро” АККнын генералдык директоруна чейин көтөрүлгөн. Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.
КР ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси боюнча эксперти болуп иштеген.
2006-жылы КР Президенти Курманбек Бакиев тарабынан ардак грамота менен сыйланган.
Буга чейин “Электр станциялары” АККнын гендиректору болуп иштеп келген Узак Кыдырбаев быйыл 3-апрелде УКМК тарабынан кармалып, абакка киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ