Кечээ, 28-майда Бишкек шаарынын вице-мери Айгүл Рыскулова өз арызы менен ээлеген кызмат ордун таштап кеткени белгилүү болду. Бул тууралу бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэр Албек Ибраимовго шилтеме берип, депутаттарга билдирди.
Бүгүн өтүп жаткан Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында Бишкек мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мери Айгүл Рыскулова депутаттардын алдында отчет бермек эле. Бирок, мэр Албек Ибраимов бүгүн шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевге вице-мэр Айгүл Рыскулова кечээ арыз жазып кетип калгандыгын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ